ЖАҢЫЛЫКТАР

Изилдөөсү: Медицина кызматкерлери COVID-19 боюнча ишенимдүү маалымат булагы бойдон калууда

130

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен биргеликте Кыргызстандын калкынын COVID-19 илдети боюнча тажрыйбасына жана кабыл алуусуна талдоо жүргүзүүнүн 5-раундунун жыйынтыгын жарыялады.

Талдоо жүргүзүү 2022-жылдын февраль айында ишке ашырылып, Европа Биримдиги жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европалык регионалдык бюросу тарабынан каржылануучу “Борбордук Азиядагы COVID-19 кризисине чара көрүү программасынын” колдоосу менен мүмкүн болду.

Изилдөө көрсөткөндөй, саламаттык сактоо адистерине, Саламаттык сактоо министрлигине, мамлекеттик мекемелердин отчетторуна, ДССУга жана COVID боюнча ишеним телефондоруна ишенимдин жогорулашынын эсебинен, маалымат булагы катары, саламаттык сактоо тармагына болгон ишеним 2021-жылдан бери жалпысынан (75%) өскөн.

Ошондой эле, изилдөө жүргүзүү аялдардын эркектерге караганда тобокелдикти кабылдоо деңгээли жогору экендигин көрсөттү. Жалпы тобокелдикти кабыл алуу маалымат издөөгө көбүрөөк ыктаган адамдарда жогору өнүккөн. Бирок, көпчүлүк учурда билим деңгээли төмөн адамдардын ооруга кабылышын кабылдоо деңгээли жогору.

Акыркы 3 айдын ичинде (2021-жылдын декабрь айы; 2022-жылдын январь, февраль айлары) респонденттердин 25%ынын жеке финансылык абалы начарлаган (2021-жылдагы деңгээлге салыштырганда, алардын финансылык абалы 35%га начарлаган).

Мурдагыдай эле алдыдагы экономикалык кесепеттер тууралуу тынчсыздануу респонденттердин арасында кеңири таралган: алардын 69% абдан  кооптонушат.

Изилдөө көрсөткөндөй, аялдар коргонуу жүрүм-турум үлгүлөрүн көбүрөөк колдоно тургандыгы аныкталды. Мындай көрүнүш саламаттык сактоо тармагына болгон ишеним менен жана тегерегинде ооруган жакындарынын болушу менен шартталган.

Жашыраак эркектер (18-29 жаш) ошол эле курактагы аялдарга караганда көбүрөөк эмделишет. Жалпысынан калктын эмдөөгө болгон терс көз карашынын деңгээли төмөндөдү, бирок 19% дагы эле эмдөөдөн өтпөй тургандыгын белгилешти.

 «Тез, оңой жана колдонууга ийкемдүү, жүрүм-турумду талдоо куралы өлкөлөргө COVID-19 илдетине каршы чара көрүү боюнча алардын иш-аракеттерин колдоо жана негиздөө үчүн баа жеткис маалыматтарды сунуштайт. Жаңы коронавирус илдетине каршы күрөшүүдөгү ийгилигибиз адамдардын маалыматка ээ болушунан, коомдук саламаттык сактоо боюнча туура чараларды көрүүгө болгон каалоосунан жана мүмкүнчүлүктөрүнөн  көз каранды», деп белгиледи өз сөзүндө Назира Артыкова, ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.