АЯЛЗАТ САЛАМАТТЫГЫ

Үй бүлөнү пландаштыруу

297

Кош бойлуулукту пландоо дени сак бала төрөш үчүн жана анын жарык дүйнөгө келишине байланышкан ар кандай кабылдоолорду мүмкүн болушунча жеңил көтөрүү үчүн керек. Бала көтөрүү эненин денеси үчүн башкалардан бөтөнчө стресс болуп саналат. Ошондуктан ага жакшылап даярдануу жашоо талабы. Биринчи кадам гинеколог-дарыгерге баруудан бапггалат. Мындай медициналык текшерүүдөн кызыкдар ата-эне экөө тең өтүүсү абзел.

Кош бойлуулукту пландаштырып жаткан жубайлар гинекологдон тышкары терапевтен, стоматологдон, ЛОР-дарыгерден жана башка тийиштүү адистерден кеңеш алып, керектүү анализдерди тапшырышы зарыл.
Үй-бүлөдө балдардын саны аялы менен күйөөсүнүн каалоосу, алардын ден соолугунун деңгээли, материалдык мүмкүнчүлүктөрү жана башка социалдык факторлору менен аныкталат. Балдардын төрөлүшүндөгү аралык – бул тандоо иши, бирок мөөнөтү 2,5 – 5 жыл – оптималдуу (абдан ыңгайлуу) экенин түгөйлөр билүүгө тийиш. Ал баланын жана эненин ден соолугуна таасир этет, ошондой эле бардык үй-бүлөгө социалдык жана экономикалык артыкчылык берет.

Эгерде аялдын ден соолугу бала көтөрүүгө жол бербесе же жогоруда айтылган минимум 2,5 жылды кармануу аракетин көрөм дегендерге бойго болтурбоочу каражаттарды колдонуу сунушталат.

Бойго болтурбоочу каражаттар

Бойго болтурбоочу каражаттардын бир нече түрлөрү бар, алар: презервативдер, спираль, таблеткалар жана химиялык бойго бүтүрбөөчү каражаттар.
Булардын ичинен эң эффективдүү каражат катары презервативдер сунушталат.

Leave a Reply

Your email address will not be published.