Алдын алуу

Күнүнө 10 миң кадам басуу сизге ырахат, сымбаттуу фигура жана чың ден соолук тартуулайт

308

Дени сак адам гана ийгиликтүү жана бактылуу боло алат.

Бирок бизде качан гана көйгөйлөр пайда болгондо, көпчүлүгүбүз ден соолугубуз жөнүндө ойлоно баштайбыз.

Ден соолукту сактоого жана чыңдоого сергек жашоо образы гана салым кошоору далилденген. Андыктан балдарды жаштайынан тарбиялап, алардын ден соолугуна кам көрүүгө, сырткы дүйнө менен гармониялуу мамиле түзүүгө үлгү болуу зарыл. Бул ата-энелердин гана эмес, бүтүндөй коомдун маанилүү милдети.

Ден соолук жана узак өмүр жолунда эң маанилүү фактор физикалык активдүүлүктүн деңгээлин жогорулатуу болуп саналат. Заманбап эл аралык стандарттар, жумасына 150 мүнөттөн кем эмес физикалык көнүгүү жасоо керек же жумасына 5 күн 30 мүнөттөн кем эмес, же күн сайын 40-60 мүнөт. Булар тез басуу, чуркоо, велосипед тебүү, сууда сүзүү, теннис менен ойноо, лыжа тебүү, скандинавиялык басуу ж.б

Физикалык активдүүлүктүн эң жөнөкөй жана коопсуз түрү – бул күн сайын тез темпте 30-40 мүнөт басуу, мүмкүн болушунча тез, бирок организмди демиктирип кыйноо да болбойт. Мындай сейилдөө “кардиологиялык” деп аталат, анткени кан тамырлардын тонусу жакшырып, 24 саат ичинде топтолгон стресс гормондору тезирээк тарашына жардам берет, бул жүрөк, инфаркт, артериялык гипертензия жана башка ооруларды натыйжалуу алдын алууну камсыз кылат. Активдүү басуу менен дем алуу тездейт, өпкө кычкылтек менен жакшыраак толуп, жигердүү иштейт. Жөө басуу арыктоого жардам берет, анткени мындай активдүүлүк дененин майын эритүүгө жардам берет, ошондой эле ар кандай булчуң топторун, анын ичинде буттун жана ичтин дээрлик бардык булчуңдарын чыңдайт. Канчалык тезирээк бассаңыз ошончолук көп жыйынтык болот. Орточо эсеп менен алганда, болжолдуу түрдө 200-500 калория ээрип кетет. Мисалы, тез темп менен басуу 450, жада калса 500 калориядан арылууга мүмкүндүк берет, ал эми жай темп менен басуу 200-250дөн гана арылууга мүмкүндүк берет. Жөө басуу эркектерге да, аялдарга да пайдалуу, анткени бул активдүүлүк репродуктивдүү системанын органдарына кандын агымы жакшы болушун камсыздайт, тыгындарды жок кылат, жыныстык зонанын ооруларынын пайда болуу коркунучун азайтат.

Ал тургай, кыска сейилдөө сергектик жана жакшы маанай тартуулай алат, ошондой эле жигердүүлүктү жана натыйжалуулукту жогорулатат.

Физикалык активдүүлүктү жогорулатуу боюнча кеңештер

Эгер сиз жумушка бара жатканда бир аялдама басууга көнүп калсаңыз, басуу аралыгыңызды эки аялдамага чейин көбөйтүңүз.

Андан сырткары сиз лифттерден баш тартсаңыз болот, түшкү тамакта сейилдегенче жок дегенде тепкичтерде жөө чыгып, түшүңүз, мүмкүн болсо сыртта машинаны колдонбой, бош убактыңызда көбүрөөк жөө басканга аракет кылыңыз. Жынысы, жашы жана ден соолугунун абалына карабастан, ар бир адам баса алат.

Физикалык активдүүлүктү жогорулатуунун экинчи сунушталган жолу – күн сайын 10 000 кадам басуу. Ар бир адам өзү байкабай калуусу мүмкүн бирок белгилүү бир кадамдарды жасайт.

Ар бир адам үйүнөн чыгып бир жактарды кыдырууда, жумушка баратканда жана кайтып келе жатканда, күнүмдүк милдеттерин аткаруу процессинде жүрөт. Кыймылсыз жашоо образын жүргүзгөн адам да күнүнө 2-3 миң кадам жасайт. Орточо активдүүлүк менен алардын саны 5000-7000ге чейин көбөйөт. Ал эми мобилдүү адамдар эң аз дегенде 10-12 миң кадам басышат.

    БДСУ классификациясы боюнча:

– суткасына 5000 кадамдан аз – жашоо образын “отуруучу” катары мүнөздөйт;

– суткасына 5000ден 7499 кадамга чейин – көрсөткүч спорттук жана дене тарбия көнүгүүлөрүн камтыбайт жана “натыйжасыз” деп эсептелет;

– күнүнө 7500дөн 9999 кадамга чейин – кээ бир физикалык көнүгүүлөрдү же басууну (жана/же көбүрөөк басууну талап кылган иштерди) камтыйт жана “бир аз активдүү” деп эсептелет;

– Күнүнө 10 000 же андан көп кадам адамдын жашоо образын “активдүү” деп мүнөздөйт.

БИРИНЧИ КАДАМДАРДЫ КАНТИП БАШТОО КЕРЕК?

Кадамдардын так санын өлчөө үчүн педометр сатып алуу керек же телефонго атайын тиркеме көчүрүп алуу керек.

Мисалы, 2-3 миң кадам менен басууну баштаңыз жана күн сайын кадамдардын санын 500гө көбөйтүңүз.

Жетиштүү деңгээлде ылдам басуу керек, бирок ыңгайсыздык болбос үчүн жүрөктүн нормадан ашык согушуна да жол бербөө керек.

Бардык ишти ырахат менен айкалыштыруу үчүн, басып баратып музыка же аудио китептерди уга аласыз.

Сизге пикирлеш адамдар менен чогуу басуу кызыктуураак болот.

Эсиңизде болсун, эгер сиз сейилдөө менен туура тамактанууну айкалыштырып, жаман адаттардан баш тартсаңыз, анда сиздин ден соолугуңуз жана фигураңыз бир топ жакшырат. Күнүнө 10 миң кадам сизге ырахат, сымбаттуу фигура жана чың ден соолук тартууласын, анан дагы эң негизгиси жакындарыңызга жана алардын  ден соолугуна да кылдат мамиле кылуусуна үлгү болуңуз.

Leave a Reply

Your email address will not be published.