COVID 19

Күн ысыганда башка вирустар өлөт бирок коронавирус аптаптуу ысыкта жанданып жашай алат

252


“Азыркы учурда COVID-19 оорусу мурдагыга караганда көбөйүп жатат. Буга чейин биз божомол кылып вирус июнь-июль айларында кайрадан көтөрүлүшү мүмкүн деп айтканбыз. Анткени эки жылдан бери күбө болдук, 2020-2021-жылдары жай мезгилинде вирус күчөгөп оор күндөрдү башыбыздан кечирдик. Азыр кайрадан вирус көбөйүүдө, ошого карабай алдын алуу чаралары жасалууда”-деп билдирди Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Иммунопрофилактика бөлүмүнүн башчысы Бурул Асыкбекова.


“Азыркы күндө 27-июндан 3-июлга чейин 48 учур катталды. Анын 43 учуру Бишкек шаарында, төрт учур Чүй облусунда, бир учур Ош облусунан аныкталды. Басымдуу бөлүгү Бишкек жана Чүй облусунан катталууда. Бизге түшкөн маалыматтар боюнча вирусту жуктургандардын көбү эмдөөөдөн өтпөгөндөр.”
Ал эми эмдөө иштери тууралуу айтсам:
“Биз май айларында ага чейин деле, калкыбызга телевидение, радио жана массалык маалымат каражаттары аркылуу эмдөөдөн өтүү зарыл деп бир топ кайрылууларды жасап келдик дагы деле улантуудабыз.
Дүйнө жүзү боюнча бул оорунун солгундап калгандыгына байланыштуу жана башка өлкөлөр ПЧР тест жана сертификаттарды талап кылбай калгандыктан адамдардын көбү эмдөөнү албай калышты. Бул оору тууралуу мурда кандай айтсак азыр деле ошондой айтабыз, вирус дагы деле толук жоголо элек, калкыбыз толук эмдөөдөн өтмөйүнчө дагы 3-4 жылсыз кутулбайт окшойбуз.

Эгер жаңы толкун башталса эмдөөдөн өткөндөр, такыр оорубашы мүмкүн же жеңил өткөрүшөт.
Дагы белгилей кетчү нерсе оорунун алдын алуу жолдорунун бирден бир жолу эмдөө иштерин жогорулатуу жана күчөтүү. Калкыбыз сөзсүз эмдөөдөн өтүшү керек, активдүү түрдө эмдөөгө катышууга чакырабыз.”

 Белгилей кетсек, COVID-19 каршы вакцинациялоо боюнча улуттук пландын алкагында өлкөдөгү 3,4 миллион адам эмдөөдөн өткөрүлүүчү максаттуу топ катары аныкталган.

Максаттуу топко 18 жашка чейинки балдар, тышкы эмгек мигранттары киргизилген эмес.

 Коллективдик иммунитет түзүлүшү үчүн максаттуу топко киргизилген 70% кем эмес жарандарды вакцинациялоо зарыл, ал 2,4 млн адамды түзөт.

Leave a Reply

Your email address will not be published.