ЖАҢЫЛЫКТАР

Көркөм сүрөт музейинде “Биздин планета, биздин ден соолук” аттуу балдардын сүрөттөрүнүн көргөзмөсү өтөт

440

1-апрелден 10-апрелге чейин Бишкек шаарындагы мектеп окуучулары арасында “Биздин планета, биздин ден соолук” деген темада балдардын сүрөттөрүнүн сынагы жарыяланган. Ага 4-8-класстын 500 окуучусу катышты.

Сынак бүткүл дүйнөдө жыл сайын 7-апрелде белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө арналган акциянын алкагында өткөрүлдү жана ДСУнун КР кеңсеси менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин колдоосунда өтөт.

Сыйлык тапшыруу аземи 20-апрелде болот.

Ал эми 19-апрелден 23-апрелге чейин мектеп окуучуларынын тарткан сүрөттөрү Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде тартууланат.

Акция коомчулуктун көңүлүн адамдардын ден соолугун жана айлана-чөйрөнү сактоо боюнча кечиктирилгис аракеттерге бурууга багытталган.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.