COVID 19

Кайсы неврологиялык оорулууларды эмдөөгө болбойт?

231

Неврологиялык илдеттин кээ бир түрлөрү менен жапа чеккен бейтаптарга коронавируска каршы эмдөө жүргүзүлбөшү керек.
Неврологияда кээ бир бейтаптарга коронавируска каршы эмдөө жүргүзүлбөйт. Бул тууралуу брифингтин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин штаттан тышкары башкы неврологу, Улуттук госпиталдын №3 неврология бөлүмүнүн бөлүм башчысы Тургунбаев Жамал Джумадылович айтып берди.

►Эпилепсиянын оор формалары, фебрилдик талма;
Борбордук нерв системасынын курч сезгенүү оорулары (менингит, энцефалит, миелит, полиомиелит);
►Инсульт (ишемиялык, геморрагиялык инсульт жана субарахноиддик кан кетүү) абал турукташканга чейин;
►Баардык неврологиялык оорулар, башкача стаматикалык оорулар менен коштолсо боор, бѳйрѳк, калкан без, кант диеабети, коронардык курч синдром. Ѳзгѳчѳ – ѳпкѳ оорулары, курч вирустук респиратордук инфекция, ичеги инфекциялары курч учурунда вакцина алуудан абайлоо керек. Бирок дене табы нормалдашкан учурда вакцина алуу сунушталат;
►Эгерде вакцинанын биринчи дозасын алган учурда бейтап, анафилактикалык шок алып, денен табы 40градустан жогору болуп, кээ бир компоненттерди кѳтѳрѳ албай реакция жүргѳн болсо экинчи дозаны алганга болбойт.

Тубаса иммундук системасы тѳмѳн адамдарга вакцина жасаганга болбойт. Бирок мындай жарандар аз кездешет. Бул жерде ВИЧ –инфекциясы жана СПИД менен ооруган бейтаптар тууралуу сѳз болгон жок. Булар вакцина алганга болот.
Гийена-Барре синдрому менен ооруган бейтаптар толук турукташканга чейин вакцинадан кармануусу зарыл.

Качан вакцина этияттык менен колдонулат?
Биринчи компонент болгон вакцинанын инструкциясында, качан этияттык менен колдонулаары жазылган. Бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин штаттан тышкары башкы неврологу, Улуттук госпиталдын №3 неврология бөлүмүнүн бөлүм башчысы- Тургунбаев Жамал Джумадылович брифинг учурунда айтып өттү.

1. өнөкөткө айланган боор жана бөйрөк оорулары;
2. эндокриндик оорулар: өтүшкөн калкан безинин дисфункциясы жана кант диабетинин декомпенсация стадиясы;
3. өтүшкөн кан оорулары;
4. эпилепсия жана башка борбордук нерв системасынын оорулары;
5. мээ кан айланууну системасынын курч бузулушу (инсульт), курч коронардык синдром жана миокардит, эндокардит, перикардит.

Анын айтымында, жогоруда айтылгандардын баары вакцинаны алууга каршы көрсөткүчтөр эмес, бирок кошумча этияттык керек болгон шарттар. «Этияттык менен колдонуу вакцинанын пайдасы тобокелчиликтерден ашып кетет дегенди билдирет. Бирок кээде дарыгер объективдүү себептерден улам эмдөөдөн өтүүгө уруксат бербеши мүмкүн. Мындай тактика оорулуунун оор шартында сакталат, иммундук системанын вакцинага кадимки реакциясы – ошол эле жогорку температура – оорунун жүрүшүнө таасир этип, оорлошууга алып келиши же адамдын абалын начарлатышы мүмкүн. Мисалы, эпилепсиянын сейрек кармашы эч кандай этияттыкты талап кылбайт, бирок эпилепсиянын сейрек кармаса дагы фебрилдүү түрү, дене температурасынын бир аз жогорулашы талманы козгоп, эпилептикалык кайталанма талмаларга же эпи статусуна өтүшү мүмкүн. Ошону менен, эгер эмдөө учурунда көрсөтмөлөргө ылайык этият болууну талап кылган оору бар болсо, анда пациенти даарылап жаткан дарыгерге кайрылуу керек болот. Эгерде ден-соолугу жакшы жана оорусу көзөмөлдө болсо, анда вакцинадан баш тартууга эч кандай көрсөткүч жок.- деди өз сөзүндө Жамал Тургунбаев.

COVID-19га каршы эмдөөгө кандай каршы көрсөткүчтөр бар? Коронавируска каршы вакцина алууга каршы көрсөтмөлөрдүн атайын тизмеси бар. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин штаттан тышкары башкы неврологу, Улуттук госпиталдын №3 неврология бөлүмүнүн бөлүм башчысы Тургунбаев Жамал брифинг учурунда айтып берди.

1. кош бойлуулук жана эмчек эмизүү мезгили;

2. 18 жашка чейин; 3. вакцинанын компонентине же башка вакциналардын окшош компонентине жогорку сезгичтик;

4. мурунку катуу аллергиялык реакциялар, мисалы, анафилактикалык шок же Квинкенин шишиги.

Анын айтымында, бейтаптар курч оорулар жана өнөкөт оорулар күчөп кеткен учурда, көпчүлүк учурда айыккандан же курчуу бүткөндөн кийин 2-4 жумадан кийин эмдөөдөн өтсө болот. Эгерде вакцинанын биринчи дозасын алган учурда бейтап, анафилактикалык шок алып, денен табы 40градустан жогору болуп, кээ бир компоненттерди кѳтѳрѳ албай реакция жүргѳн болсо экинчи дозаны алганга болбойт»

Leave a Reply

Your email address will not be published.