Алдын алуу

Кант диабети жана анын алдын алуу

301

Кант диабети – кандагы канттын (глюкозанын) жогорку деңгээли менен мүнөздөлүүчү өнөкөт оору.

Глюкоза тамак-аш менен келип жаткан углеводдордон пайда болот жана организм үчүн энергиянын негизги булагы болуп саналат. Глюкоза кандан клеткага өтүп жана энергияга айланышы үчүн инсулин гормону зарыл. Ал адамдын организмине кантты пайдаланууга жана кандагы глюкозанын деңгээлин нормада кармап турууга жардам берет.

Диабеттин ар кандай түрлөрүн айырмалашат, бирок негизинен бул 1 чи жана 2-түрдөгү кант диабети.
1- түрдөгү кант диабетинде оору жаш (40 жашка чейин) же бала кезде башталат жана оорураак өтөт. Негизги себеби – ашказан алдындагы без инсулинди такыр бөлүп чыгарбай калат.
Оорулуулардын 90%да кездешкен
2- түрдөгү кант диабетинде оору 40жаштанкийин башталат.
Негизги себеп инсулиндин жетишсиздиги же өздүк инсулинге карата клетканын реакциясынын бузулушу болуп саналат.

2-түрдөгү кант диабетинин өөрчүү мүмкүнчүлүгү төмөндөгү коркунуч факторлоруна ээ болгон адамдарда жогорулайт:
• ашыкча салмак же толуп кетүү
• дене бой активдүүлүгүнүн төмөндүгү
• кандагы холестерин жана майлардын жогорку деңгээли
• артериялык гипертензия жана жүрөк-кан тамыр оорулары
• 45жаштанжогорку курак
• 4 кг көп салмактагы балдардын төрөлүшү, диабет боюнча оорлошкон тукум куучулук.

Аялдарда кош бойлуу мезгилде гестациялык кант диабети келип чыгышы мүмкүн. Диабеттин башка түрлөрү абдан сейрек кездешет.

КАНТ ДИАБЕТИНЕ МҮНӨЗДҮҮ БЕЛГИЛЕР:

• зааранын өлчөмүнун көбөйүшү жана тез-тезден заара кылуу
• ооздун кургашы, суусоо жана суюктукту ашыкча ичүү
• тери жана былжыр челдердеги кычышуу (биринчи кезекте жыныс органдарында)
• теридеги ириңдүү инфекциялар
• алсыроо, чарчоо, ишке болгон жөндөмдүүлүктүн төмөндөшү
• тамаккаболгонтабиттинабдан жакшы экендигине карабастан арыктоо
• көрүүнүн начарлоосу.

Оорунун симптомдору пайда болгон учурда же коркунуч факторлору болгондо ҮДТ/ФАПка кайрылуу жана кандагы канттын деңгээлин текшерүү зарыл.

КАНТ ДИАБЕТИ ЭМНЕСИ МЕНЕН КОРКУНУЧТУУ?

Диабет өзүнүн татаалдашуулары менен коркунучтуу:
• миокард инфаркты
• мээ инсульту
• көздүн көрбөй калышы
• бөйрөкжетишсиздиги
• ампутацияга алып келүүчү буту-колдордун жарасы жана гангренасы
• диабеттик комалар.

Кант диабетиндеги өнөкөт татаалдашуулар мезгилден эрте майып болууга жана өлүмгө себепчи болот.

Азырынча кант диабетин толук дарылоого мүмкүн эмес. Бирок ушул тапта жашоо сапатын жакшыртуучу, диабетти көзөмөлдөөнүн жана дарылоонун натыйжалуу ыкмалары иштелип чыккан.
Кандагы кант жана холестериндин деңгээлин үзгүлтүксүз текшерип тургула, артериялык кан басымды өлчөгүлө.
Нормада болсо дени сак адамдын ачкарын эртең менен алынган канындагы (манжадан алынган) кант 5,5 ммоль/л ашык эмес, венадагы кандын плазмасында 6,1 ммоль/л ашык эмес. Тамактангандан 2 сааттан кийин бул көрсөткүч 7,8 ммоль/л ашпайт.

Кант диабетинин алдын алуу

♦ Ашыкча салмакта же толуп кеткен учурларда дене салмагын төмөндөтүү
♦ Майлуутамакжегендиазайтуу
♦ Кант, таттууларды, газдалган жана газдалоаган таттуу суусундуктарды пайдаланууну чектөө
♦ Жашылча, аш көк чөптөрүн жана жемиштерди көбүрөөк пайдалануу
♦ Ачка болуу сунушталбайт
♦ Үзгүлтүксүз дене бой оордугу: жөө басуу, тез басуу, күнүнө 30 мүнөттөн дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоо.

Leave a Reply

Your email address will not be published.