Кант диабети

Кант оорусуна генетикалык жана жаратылыш факторлору таасир этет

451

12.12.2022 Mare

Ноябрь айында Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Бишкек шаардык эндокринологиялык борбору, ДССУ менен биргеликте «Кандагы кантынды текшер» аталышында бир топ акцияларды өткөрүштү.

Ал иш-чаралардын негизинде дарыгерлер калкка кант диабети тууралуу жеткиликтүү деңгээлде түшүндүрүү иштерин жүргүзүзүлгөн.
“Иш-чаралардын алкагында учурда ооруга чалдыккан бейтаптар менен дарыгерлердин ортосунда тыгыз байланыш мурдагыдан дагы күчөдү. Себеби дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүүгө келген адамдардын саны көбөйгөнүн байкадык.
Негизинен медицина кызматкерлери ар бир жаранды 1 жылда 1 жолу анализ тапшырып туруусуна чакырабыз. Ошондой эле FINDRISC сурамжылоосун толтуруу менен кант диабетинин пайда болуу коркунучун биле алышат”- деп белгиледи, Чүй облусунун эндокринолог дарыгери Гульдана Джолчиева.

Ал эми төмөндөгүдөй белгилер пайда болсо дароо дарыгерге кайрылуу керектигин Гульдана Джолчиева кошумчалады. Мындан сырткары күнүнө 12 чай кашык канттан ашык колдонбоо сунушталат.
Аябай чарчоо, бат-бат суусоо жана адаттагыдан көбүрөөк заара кылуу. Бул кант диабеттин белгилери болуп эсептелет.
Эң көп катталган белгилери:
• Суусоо
• Көп заара кылуу, айрыкча түндөсү
• Көп чарчоо
• Аракет кылбай эле арыктоо
• Тынбай оозул болуу (молочница)
• Көздүн караңгылашуусу
• Кесилген жана сыйрылган жердин сакайбоосу

Кант оорусуна генетикалык жана жаратылыш факторлору таасир этет. Бирок, зыянсыз диета жана активдүү жашоо образы менен кандагы канттын деңгээлин бирдей кармап турса болот.
Тазаланган канттын жана ундун ордуна жер жемиштер менен дан азыктары менен азыктануу, кандагы, кандын деңгээлин кармап турууга жардам берет.

Ал эми, кант диабети менен ооруган бейтаптар коомунун төрайымы Чынара Аблесова ооруну алдын алуу боюнча төмөндөгүлөрдү кошумчалады. -“Мен биздин калкыбызга кайрылып кетет элем. Мүмкүн болушунча кант кошулган азык-түлүктөн жана газдалаган суусундуктардан баш тартуу жана ак ундан жасалган нан менен макарондун ордуна ээленбеген (кара) унду колдоно баштоо – алгачкы жакшы кадам деп айтат элем.

Тазаланган кант менен тазаланган буудайдын азыктуулугу азыраак. Анткени, витаминге бай бөлүктөрү алынып салынат.
Ак унду, ак күрүчтү, ак макаронду, бышырылган таттууларды, газдалган/таттуу суусундуктарды, таттууларды жана кант кошулган дан азыктарын мисал катары айта алам.
Ал эми таза диетага жер жемиштер, мөмө жемиштер, буурчактар жана дан азыктары кирет. Ошондой эле, таза май, жаңгактар жана сардина, лосось, скумбрия өңдүү omega-3кө бай майлуу балыктар да бар.
Белгилүү бир тыныгуу менен тамактануу жана тойгондо тамак жегенди токтотуп коюу, маанилүү экенин белгилегим келет. Андан сырткары, физикалык көнүгүүлөр дагы, кандагы, канттын деңгээлин түшүрүүгө жардам берет.
Эң жөнөкөй мисалды айтсам, адам аптасына 2,5 сааттык аэробикалык көнүгүүлөрдү жасаса жакшы болот. Аталган көнүгүүгө ылдам басуу жана тепкичтен чыгып түшүү да кирет.

Бейтап: Эльмира
“Мен 35 жылдан бери кант диабети менен жабыркап келем. Башында мага оорунун эч кандай белгилери байкалган эмес. Кийин пландуу турдө анализ тапшырып калып, дарыгерлер менде кант диабети бар экендигин аныкташкан. Ошол күндөн тарта дарыгердин айткан ар бирин кеңешин кулак жаздымда калтырбай так аткарып келгендиктен, учурда абалым жакшы, канттын денгээли бир калыпта.

Ошондон бери ушул күнгө чейин курамында кант бар болгон азыктарды жана газдалган суусундуктарды колдонбойм, неберелериме дагы зыяндуу жагы көп экенин түшүндүрүп келем. Мындан сырткары физикалык активдүүлүк менен алектенем. Ал тургай кошуналарымды дагы активдүү жашоого үндөп келем, мен алар менен чогуу атайын, көнүгүүлөрдү жасоого сейил бактарга чыгабыз. Кошуналарыма эле эмес башка жарандарыбызга да кайрылаарым. Силер ден соолугуңар чың болушу үчүн ар дайым туура тамактангыла жана физикалык активдүүлүк менен алектенгиле”.

1 reply »

Leave a Reply

Your email address will not be published.