ЖАҢЫЛЫКТАР

“Келечек” балдар чыгармачылык борборунда сүрөт көргөзмө болуп өттү

245

Үстүбүздөгү жылдын 16-июнь күнү “Келечек” балдар чыгармачылык борборунда, “26-июнь Бүткүл дүйнөлүк баңги заттарга каршы күрөшү күнүнө” карата, Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникациялык борборунун Түштүк филиалы жана КР Ички иштер министирлигинин баңги заттын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте уюштурулган сүрөт көргөзмөсү болуп өттү. Аталган сүрөт көргөзмөсүндө, “Келечек” балдар чыгармачылык борборунда окуучулар жигердүү катышышып, орундарды багындырышты. Женүүчүлөргө КР Ички иштер министирлигинин баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан сыйлыктар берилди. “Келечек” балдар чыгармачылык борборунда 40 мугалим эмгектенип, 1 жарым миңге жакын бала ар кандай ийримдерге катышат. Комуз, тил, бий, шахмат, тигүүчүлүк, англис тил сыяктуу 21 ийрим бар. Борбордун 7 бий ансамбли түзүлүп, ар кандай иш-чараларга катышып келет.
Жергиликтүү бюджеттин эсебинен жыл сайын 300 миң борбордун имаратын оңдоого, 800 миң сом коммуналдык төлөмдөргө берилип турат. Сүрөт көргөзмөсүнөн тышкары Ош шаарында жайгашкан жарнамалык LED экрандарында “Биз Кыргызстандын саламаттыгы үчүн” деген атайын роликтер көрсөтүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published.