COVID 19

Кимдер COVID-19га каршы эмдөөдөн өтө албайт?

243

Бардык адамдар эмдөөдөн өтө алышпайт. Ага себеп ар кандай каршы көрсөтмөлөр болушу мүмкүн. Бул учурда медициналык кызматкерлер гана кимге COVID-19га каршы вакцина алууга болоорун же болбосун жакшы айтып бере алышат.

Ошондой эле, спецификалык мүнөздөмөлөрдөн тышкары, адамдын жашы, анын ден соолугунун абалы же COVID-19га мурда кабылышы сыяктуу факторлор вакцинанын натыйжалуулугуна таасир этиши мүмкүн.

Бирок, изилдөөлөргө ылайык, төмөнкү учурларда COVID-19га каршы эмдөөгө болбойт:

– COVID-19 вакцинасынын кандайдыр бир компонентине катуу аллергиялык реакциялары бар адамдар.

– Учурда COVID-19 менен ооруп жаткан же симптомдору бар адамдар. Аларды айыккандан кийин гана эмдөөгө болот.

Ал эми, төмөнкү учурларда этияттуу болуп, дарыгер менен кеңешүү зарыл:

1. өнөкөткө айланган боор жана бөйрөк оорулары;
2. эндокриндик оорулар: өтүшкөн калкан безинин дисфункциясы жана кант диабетинин декомпенсация стадиясы;
3. өтүшкөн кан оорулары;
4. эпилепсия жана башка борбордук нерв системасынын оорулары;
5. мээ кан айланууну системасынын курч бузулушу (инсульт), курч коронардык синдром жана миокардит, эндокардит, перикардит.