АЯЛЗАТ САЛАМАТТЫГЫ

Коопсуз эне болуу

122

Ар бир кош бойлуулук айрым татаалдашуулар менен коштолушу ыктымал, бирок аларды алдын ала аныктоо мүмкүн эмес.

Ошондуктан аялдар кош бойлуулук мезгилге чейин, кандай факторлор аялга коркунуч жаратышы мүмкүн экенин билиши керек.

Кош бойлуу аялга коркунуч жаратуучу факторлор

►Аралыгы 2 жылга жетпеген мөөнөттө кайрадан бойго көтөрүү;
►Болочок эненин курагы 18 жашка чейин же 35жаштан жогору болсо;
►Аялдын салмагы нормадан өтө төмөн болсо;
►Аз кандуулук;
►Хирургиялык операция аркылуу төрөгөн болсо;

Ж.б. организмге каршы көрсөтмөлөр аныкталган учурларда бойго көтөрүү кооптуу болуп эсептелет.

Кош бойлуулук мезгилинде аялдын организминде татаалдашуулар кокустан болушу ыктымал, ошондуктан аял жакын жердеги төрөт үйүн же стационар кайда жайгашкандыгын билиши зарыл жана каалаган убакта медициналык мекемеге тезирээк жетүү үчүн жетиштүү каражаты болушу керек.

Кош бойлуу аял үчүн кооптуу жагдайлар

Кош бойлуу учурда салмак кошуу процессинин төмөндүгү (норма боюнча 6кг чейин салмак кошушу керек)

Аз кандуулук, тез чарчоо, энтигүү

Бут, кол жана беттин шишип кетүүсү

Курсактагы баланын кыймылынын начарлашы же токтоп калышы

Кан же кан аралаш суюктук бөлүнүп чыкса

Баш же ичтин катуу оорушу

Узак убакытка чейин кусуу

Дене табынын жогорулашы

Төрөт башталганга чейин каканак суусунун жарылып кетиши

Ичтин карышып же түйүлүүсү ж.б.

Жогоруда аталган белгилер байкалса дароо дарыгерге кайрылуу керек же абалына жараша медициналык тез жардам чакыруу зарыл.

Коопсуз эне болуу аялдын атайы билимге ээ болуусуна, даярдык көрүүсүнө жана өзүнүн тукум улоо саламаттыгына болгон мамилесине жараша болот.

Leave a Reply

Your email address will not be published.