COVID 19

Ковид же жаңы Омикрон штаммын жугузуп алган учурда үй шартында кантип абалыңызды жакшырта аласыз?

880

• үйдө болуу керек. Мүмкүнчүлүккө жараша үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнөн өзүнчө бөлмөгө обочолонуу.
• эгерде дене табыңыз 38 градустан ашпаса, анда аны түшүрүү сунушталбайт – 2 литрге чейин суюктук (С витамини менен суу, чай) ичүү керек. Ошондой эле С витамин ичип турса болот (чоңдор үчүн суткасына жок дегенде 1 -1,5 гр (эгерде каршы көрсөтмө жок болсо)

 t дагы көтөрүлсө:

• парацетамол (шам түрүндө, таблетка, сироп) – суткасына 1 гр кем эмес (дары гепатотоксиндүү!, б.а. боор оорулары барларга болбойт);
• сезгенүүгө каршы нестероиддик каражаттар, мисалы ибупрофен (ачкарын ичүүгө болбойт), эрозия, ашказан, 12 эли ичегинин жарасында этияттап колдонуу керек. Бул бейтаптарга кечкисин алдын алуу катары дене табын түшүрүүчү дарылар менен бирге эң аз дозада омепразол же эзомпразол ичүүнү сунуштоого болот.
өнөкөт бөйрөк жана жүрөк-кан тамыр оорулары (!) барларга ибупрофен жана башка нестероиддик сезгенүүгө каршы каражаттарын колдонууга болбойт;

•эгерде аллергия жок болсо, аспирин! 18 жашка чейинки балдарга кескин түрдө –болбойт (!). Каршы көрсөтмөлөрүн сөзсүз окуңуздар!
 

Тамак ооруганда:

Тамакты чайкоо. Чайкоо үчүн (эгер аллергия жок болсо) антисептик касиети бар чөптөрдү (мисалы, шалфей, эвкалипт ж.б.), ооруну басаңдатуучу каражаттарды камтыган таблеткаларды, спрейлерди (аннотациясын окуңуздар) колдонууга болот.


Мурун бүткөндө:

  • суткасына эки-үч жолу мурунга тамырларды ичкертүүчү касиети бар тамчылатмаларды тамызуу;
  • же табигый деңиз туздун же азыраак туздун же негизиндеги же болбосо физиологиялык аралашма менен чайкаңыз;
  • мурундун тешиктерин кезек менен тазалап, кылдаттык менен чайкап, жууш керек.

Бул мурундагы басымдын жогорулашын, кулактын сезгенүүсүн (ортонку отит) алдын алат. Узакка созулган сасык тумоо да кулактын сезгенишине алып келиши мүмкүн, андыктан мурунду кургак кармоо керек. Процедурадан кийин колду жууп же антисептик менен тазалоо керек.


Жөтөлдө:

  • жөтөлгөн адамга чалкасынан жатпоо сунушталат (көмкөрөсүнөн жатканы оң);
  • какырык чыгаруучу дарыларды ичүү керек, мисалы, ацетилцистеин – АЦЦ (бронхалык астмада, өнөкөт ашказан жана он эки эли ичегинин жарасында, 14 жашка чейинки балдарга жана өспүрүмдөргө каршы көрсөтүлгөн) амброксол, бромгексин ж.б.). Каршы көрсөтмөлөрүн окуңуздар!
  • балдарга какырык чыгаруучу дарыларды – дарыгердин дайындоосу боюнча гана берүү керек!


 Уйку бузулса жана депрессияда:

  • уктатуучу дарыларды же антидепрассанттарды дарыгердин дайындоосу боюнча колдонуу.

Коштолгон оорулар болсо (жүрөк-кан тамыр оорулары, өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорусу, бронхалык астма, кант диабети ж.б.) – дайындалган дарылар менен дарыланууну улантуу.


Маанилүү! Суюктукту көп ичүү (дененин салмагына 1 кг – 30 мл). Таттуу газдалган сууну (кола, фанта) ичпөө. Диурезди (заара) көзөмөлдөө, суюктуктун көлөмүнүн көбөйүшү сатурацияны начарлатышы мүмкүн.


Майлуу жана күчтүү тамактарды жебей туруу.

Бөлмөнү тез-тез желдетүү (күнүнө 2-3 ирет) керек, жылуулуктун температурасы 18тен 20 градуска чейин, бөлмөнүн нымдуулугу 50-70% болгону дурус.


Эс алуу зарыл.

Өз алдынча беш күндөй дарыланууга болот, оорунун белгилери сакталса жана дем кыстыгуу пайда болсо, дарыгерге кайрылуу зарыл.

Leave a Reply

Your email address will not be published.