Жугуштуу эмес оорулардын а-алуу

КР Саламаттык сактоо министрлиги жугуштуу эмес оорулар боюнча улуттук STEPS изилдөөсүн жүргүзөт

319

STEPS изилдөөсүн жүргүзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2023-жылдын апрель айында жугуштуу эмес оорулар боюнча улуттук STEPS изилдөөсүн өткөрүүнү пландаштырууда.

Жугуштуу эмес оорулар (ЖЭО) дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө саламаттыкты сактоонун негизги көйгөйү болуп саналат.

Жыл сайын 41 миллион адам жугуштуу эмес оорулардан көз жумса, 15 миллиону 30 жаштан 69 жашка чейинкилер.

Кыргыз Республикасында ЖЭОнын 4 тобу (жүрөк-кан тамыр, онкологиялык оорулар, дем алуу органдарынын оорулары, кант диабети) оорунун, майыптуулуктун негизги себеби болуп саналат жана республикадагы мезгилсиз өлүмдүн бардык учурларынын 80%ын түзөт. Ушундай эле тенденция бүткүл дүйнөдө байкалууда.

Негизги тобокелдик факторлору – тамеки чегүү, туура эмес тамактануу, кыймылсыздык, алкоголдук ичимдиктерди ашыкча колдонуу сыяктуу жүрүм-турумдук тобокелдик факторлору.

STEPS изилдөөсү программалык иш-чараларды пландаштыруу жана өлкөдө ЖЭОды азайтуу саясатын пландаштыруу үчүн ЖЭО тобокелдик факторлорунун таралышын жана тенденцияларынын мониторингин изилдөөгө багытталган.

Республикадагы улуттук изилдөө 18 жаштан 69 жашка чейин 2800 адамды камтыйт.

Изилдөө үч этаптан турат:

1. ЖЭО менен байланышкан жүрүм-турумдук тобокелдик факторлорун баалоо үчүн катышуучуларды сурамжылоо;

2. Антропометриялык өлчөөлөрдү, жүрөк-кан тамыр системасынын көрсөткүчтөрүн өлчөө жүргүзүү;

3. Кандын биохимиялык көрсөткүчтөрүн өөлчө.

Сурамжылоо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан түзүлгөн интервьючулардын тобу тарабынан өткөрүлөт. Интервьючулар катышуучулар менен маектешип, боюн, салмагын, белдин айланасын, кан басымын жана жүрөктүн кагышын өлчөп, кандагы глюкозаны жана липиддерди тез текшерүү үчүн үй чарбаларына барышат.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды өлкөнүн саламаттыгын сактоого салым кошууга жана бул изилдөөгө катышууга чакырат.

Leave a Reply

Your email address will not be published.