ЖАҢЫЛЫКТАР

Кулагыбызды сактайлы: Сиз муну билишиӊиз керек!

317

Кулак – бул тышкы кулак калкандары көрүнгөн, баш сөөктүн чыкый сөөктөрүндө жайгашкан жупташкан орган.

Кулак адамдагы эки негизги функцияны аткарат: а) үндөрдү угуу аркылуу айлана-чөйрө менен байланыша алат; б) мейкиндикте дененин теӊ салмактуулуугун сактоого шарт түзөт.

Башкача айтканда эгер кулак жана анын түзүлүшү болбосо, башка адамдар менен сүйлөшүү, ошондой эле, ары-бери кыймылдаганда теӊ салмактуулукту сактоого кыйынчылык түзүлмөк.  Адамдын кулагы үч негизги бөлүктөн турат: сырткы ортоӊку жана ички кулак. Сырткы кулак,кулак  калкандары жана сырткы угуу өткөөлү  ортоӊку тарсылдак көӊдөйүнөн турат. Отроӊку кулак, тарсылдак көӊдөйүнөн, адамдын сөөк тутумундагы эӊ кичинекей сөөктөрдөн турат: кулак дөшүсү жана үзөӊгүчө – булар сырткы кулак аркылуу, бир эле учурда үндөрдү жогорулатуу менен ортоӊку кулакка жеткирет. Кулактын үч бөлүгүнөн ортоӊку бөлүгүндө ички кулакта теӊ салмактуулук кыйынга турат. Сөөк лабиринти ички кулактын жарым тегереги жана үлүлүнүн оозунан турат. Үндөрдү нервдик импульска жеткирүүдөн тышкары бул бөлүм теӊ салмактуулакка жоопкерчиликтүү.

Кулак оруулары тубаса жана кийин кабылган оорулар. Тубасага – жетилүү кемтиги жана дүлөй оорулары кирет. Ал эми кийин кабылган кулак оорулары сезгенүү мүнөзүндөгү (кулак сегенүүсү,кулактын ички жолунун сезгениши, дындооктун сезгениши ж.б.) жана жугушсуз ооруларга (жаракат, ж.б.)

 Кулак ооруларынын алды-алуу үчүн:

1. Кулакты жылуу алып жүрүү керек. Өзгөчө күз-кыш мезгилдеринде актуалдуу болот. Көп учурда жаштар моданын аркасынан түшүп, баш кийимге маани бербей ушундай татаал жана керектуу болгон орган кулактын үшүп калуусуна жол беришет. Ошондой эле кулактын сырткы түтүкчөсүндө суунун калып калышы сезгенүүнүн өөрчүшүнө  шарт түзүүчү негизги фактор болот. Ошондуктан мончого,душка, бассейинге түшкөндөн кийин сырка чыгардан мурда кулакка кирген сууну кургатып чыккан маанилүү. Буга кебез оролгон жөнөкөй таякчалар же башка кебезден жазалган нерсе туура келет.

2. Кулакты таза кармоо керек. Талапка ылайык кулактын сырткы түтүкчөсүнөн атайын кулку бөлүнүп, ал чаӊ майда курт-кумурскаларды ж.б. тосуп калат. Чайнаганда, сүйлөгөндө мимикалык булчуӊдар кыймылдаганда сырткы кулак түтүкчөсүндө тазалануу жүрөт. Кээ бир адамдарда кулактан кулкундардын көп чыкканына байланыштуу кулак толуп калат, аны суу менен же атайын жабдуулар менен тазалайт.  Муну адис жасаганы абзел.

3. Кулак гигиенасын сактаныз. Кулактын угуусун начарлаткан факторлордун башка бир түрү телефон, смартфон колдонуучулар арасында тараган. Бул дайыма тыӊшагычтарды кулакка салып музыка угуу. Дайыма музыканы катуу угуу, үндөрдү кабыл алуунун жана угуунун бузулушуна алып келет. Кулак жабыркап, алгачкы үндөрдү нормалдуу угуу жөндөмдүүлүгүн жоготот.  Кулактын тарсылдагы музыканы катуу үн менен уга берүүдөн анчалык ийкемдүү болбой калат. Жыйынтыгында музыканы тыӊшагычтар менен угууну жакшы көргөн адам угуу жөндөмдүүлүгүнөн ажырайт. Ошондуктан музыканы убак-убагы менен белгиленген аралыкта адаттагы үн жогорулаткычтан угуу керек. Жогорку басымдагы үндөр тынымсыз угулган өндүрүштөрдө жумушчуларга үндөрдү азайтууга шарт түзүлүп берилиши керек. (тыӊшагычтарды ж.б.)

4.Үзгүлтүксүз  дарыгер –отоларингологго кайрылып кулактардын абалын текшертип, пайда болгон ооруларды учурунда аныктоого болот. Эгер сезгенуунун белгилери пайда болсо (оору, кычышуу, кулактын узакка бутуусу, кулак дүӊгүрөсө) токтоосуздан дарыгерге кайрылып, толук дарылануу курсун алыныз.

5.Толук баалуу тамактануу, организмди туура чыӊдоо, кыймыл-аракетте активдүү жашоо ден соолуктун башаты.

Ден соолугуӊуз чыӊ болуп, бактылуу жашаӊыз!

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.