ЖАҢЫЛЫКТАР

Кыргызстан кургак учук менен күрөшүү боюнча алдыңкы орунда турат

301

Ага  Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адистери менен бирге  кургак учук менен күрөшүп келе жаткан   өлкөдөгү  мамлекеттик эмес уюмдардын жана  эл аралык уюмдардын  өкүлдөрү катышышты.

 Семинарды уюуштурган   «Анти СПИД» ассоциациясы жана  TB REP долбоору  –  Кыргызстандын ичинде   кургак учук дартын   станционардык  дарылануудан амбулатордук башкача айтканда үй шартында дарылоо долбоору  менен иштеп келишет. Долбоорду ишке ашырып жаткан  координаторлордун бири,   «Анти СПИД»  ассоциациясынын  аткаруучу директору Чынара Бакирова семинар тууралуу төмөнкүлөрдү айтты.  «Кургак учук азыркы күндө дагы өтө актуалдуу маселе. Өзгөчө мигранттар арасында. Биздин максат  – калк арасында дартка чалдыккандарды аныктоо жана туура дарылоо курсун дайындоо  болуп саналат.  Мына ушуну менен биз  кургак учуктан ар бир адам айыга алат десек жаңылыйшпайбыз» -деди  Ч. Бакирова.

Семинардын алкагында, кургак учук  менен күрөшүүдө учурдагы ыкмалар тууралуу сөз болду. Эксперттердин айтымында,  аталган дартка чалдыккан бейтаптарга психологиялык да жардам керек. Ал үчүн бейтаптын үй-бүлөсү, жакындары, коомчулук жана эң алгач медициналык кызматкерлер  жардам  берүүсү  зарыл.

Республикалык ден соолукту чыңдоо  борборунун адиси Анарбек Алимахунов, Жалал-Абад облусу боюнча  жүргүзүлгөн мониторингде  коомдо кургак учук оорусунун  абалы тууралуу  маалымат аздыгын айтты. Андыктан,  ооруларды алдын алуу үчүн коомго туура  маалымат берилүүсү кажет деген ойдо.

Семинардын жыйынтыгында, уюуштуруучулар Кыргызстан  кургак учукка менен СПИДке каршы иш алып барган эл аралык долбоорлор жана программаларды ишке ашырууда алдыңкы орунду ээлеп келет.  Ошондой эле,  келе жаткан 2018-жылы Ыссык-Көл облусунда   алгачкы жолу Орто Азиялык  кургак учук менен ооруган адамдардын улуттук форуму өткөрүлөөрү белгилүү болду. 

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.