ЖАҢЫЛЫКТАР

Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын диагностикалоо боюнча дистанттык окутуулар өткөрүлдү

320

COVID-19  коронавирус инфекциясын лабораториялык диагностикалоо боюнча  адистерди окутуу иши уланууда.  Анын алкагында, 17-апрель күнү бүткүл өлкө боюнча полимераздык чынжырдуу реакция (ПЧР) техникасын билген жана лабораторияда иштеген 96 адис дистанттык окутуу циклин аякташты.  Окууга катышкандар:  Улуттук фтизиатрия борборунун, СПИД борборлорунун, Республикалык карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борборунун, Бишкек шаарындагы, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунун жана жеке лабораториялардын адистери.

Тренингдердин  максаты – адистерди лабораториялык  шартта жана өзгөчө кооптуу материалдар менен иштөөдө биокоопсуздуктун негиздерин билүү болуп эсептелет. Окууга катышкандарга Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму  тарабынан даярдалган  биокоопсуздуктун негиздери жанаCOVID-19га ПЧР менен изилдөө жүргүзүү, анализдин үлгүлөрүн  чогултуу, ташып жеткирүү жана андан ары изилдөө жүргүзүү үчүн иштеп чыгуу боюнча окутуучу видеороликтер көрсөтүлдү. Ошондой эле, саламаттык сактоо кызматкерлери үчүн Кыргызстандагы коронавирус боюнча окуу материалдары жана программалары кайра каралып чыкты.

Белгилей кетсек,  адистештирилген окутуулар март айында башталган. Анын алкагында,  интенсивдүү терапия бөлүмдөрүнөн, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынан, баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү борборлорунан жана эки аскер госпиталынан 310дон ашык медициналык кызматкер коронавирус менен ооруган бейтаптарды клиникалык дарылоо боюнча эки күндүк окуу жүргүзүлгөн.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.