АДК

Кыргызстанда ДКЖА программасынын өнүгүшү

414
Ден соолукту чыңдоо адистерине уюштурулган окуулардан

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана Массалык коммуникация борбору – Кыргызстандын аймагында ден соолукту чыңдоо ишмердүүлүгүнө жооптуу. ДКЖА долбоорунун улуттук денгээлдеги негизги шериктеши болгондуктан программаны стратегиялык денгээлде үзгүлтүксүз ишке ашыруу менен алектенет.

“Ден соолук көйгөйлөрү боюнча жамааттардын аракеттери»  программасы (ДКЖА) – бул мамлекеттик саламаттык сактоо системасы жана Айылдык ден соолук комитеттеринин (АДК) ортосундагы ден соолукту чыңдоо маселелери боюнча өнөктөшүк .

Кыргызстанда “Ден соолук көйгөйлөрү боюнча жамааттардын аракеттери”  программасын ишке ашыруу 2001 -жылы башталган. “Ден соолук көйгөйлөрү боюнча жамааттардын аракеттери” программасы Нарын областынын Жумгал районунда башталгандыктан  “Жумгал модели” аталып калган. Швед эл аралык өнүктүрүү Агенствосу (SIDA) жана Америкалык эл аралык өнүктүрүү агенствосу ( ЮСАИД) бул программаны колдоого жана ал моделди өлкөнүн бардык аймактарына жайылтууга кошулду.

2005 -жылы КР Саламаттыкты сактоо министирлиги саламаттык сактоонун реформалоонун “ Манас- Таалими”программасына ДКЖА программасын олкого жайылтууу милдети киргизилген. Саламаттыкты сактоо минитстрлиги ҮТД/ФАПтардын  бардык кызматкерлерине айылдардагы жергиликтүү калктын ден соолугунун абалын изилдөөгө көмөктөшүүсүн тапшырган.  

ДКЖА программасынын өзгөчөлүктөрүнүн бири БМСЖ кызматкерлери калкка ден соолуктун көйгөйлөрүнө анализ жүргүзүүдө жана коомдук уюмдарды түзүүдө жардам көрсөткөндүгү болуп саналат.

ССМнин 2.04.2008 жылдагы № 132 буйругу менен ДКЖА программасы ишке ашырыла баштаган. USAID, Sida Лихтенштайн мамлекети ,DFID ,Бүткүл дүйнөлүк банкы  долбоорду ишке ашырууга зор көмөк көрсөтүшкөн.

Бүгүнкү  күндө Республиканын  80% айлында  1600дөн ашык АДК  түзүлгөн, 15000 миңден ашык ыктыярчылар  иштешет. 

АДК нын негизги ишмердүүлүгү айылдын жашоочуларынын ден соолугун жана социалдык жыргалчылыгын жакшыртууга таасирин тийгизүүчү факторлорду көзөмөлдөө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө  багытталган.

АДК нын иши ыктыярдуулук принциптерге негизделген.

Алар жергиликтүү коомчулук, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары, мамлекеттик коомдук жана эл аралык уюмда менен кызматташат.

Жер-жерлерде  АО нун жетекчилери жакшы колдоо көргөзүшөт кабинет бөлүп беришкен. Азыр Райондук администрациянын жетекчилери да АДК нын иштерин  баалап, колдоо көргөзүп жатышат.

Ден соолукту чыңдоо максаттарындагы аракеттер – бул кайсы бир аныкталган оорулар менен күрөшүү жана алдын алууга багытталган иш чаралардын тобу. ДЧК адистери  АДКларга иш-чараларды кандайча ишке ашыруу керектигине үйрөтөт. Ден соолукту чыңдоо максатындагы аракеттер боюнча семинар, конференция, акцияларга  УТД/ФАП тан медициналык кызматкерлер да чакырылат. Себеби, АДК мүчөлөрүнүн медициналык билими болбогондуктан УТД/ФАПтын кызматкерлери түшүнүксүз учурларды түшүндүрүп, суроолорго жооп берүүсү зарыл. 19 жылдын ичинде  АДКнын ыктыярчылары (волентерлер)  Кыргызстандын калкынын ден соолугун жакшыртууга баа жеткис салым кошту. Калктын маалыматтуулугун жогорулатуу боюнча: Эне баланын ден соолугун чыңдоодо – анемия оорусун алдын алуу, кош бойлуу айымдардын, балдардын тамактануусу, Жұрөк кан- тамыр ооруларын, (туура тамактануу, тамеки, алкоголь, физикалык актитивдүүлүк), йод жетишсиздигин алдын алуу, жугуштуу ооруларды – кургак учук, эхинококкоз ооруларын алдын алууда жана  көптөгөн тармактар боюнча айыл калкынын ден соолугун чыңдоого зор иштерди аткарып жатышат.   

Биринчиден –АДКлар Саламаттыкты сактоо министирлигинин  алгачкы звеносу катары медицина кызматкерлери  менен тыгыз байланышта иштеп жатышат. ДЧК ,ҮТД/ФАП ( БМСЖ) кызматкерлери АДКнын негизги өнөктөшү болуп болуп саналат. БМСЖ ДЧК адистери АДК лар түзүлгөндөн аларга ден соолукту чыңдоо маселери боюнча методикалык жана кеңеш берүү жардамдарын беришет. Айылдарга барып, АДКлардын уюштуруучулук жөндөмдөрү боюнча потенциалын жогорулатып, окутуп  жардам берип турушат.

 Экинчиден– АДКлар азыр  коомдук баштапкы уюм катары калыптанып ден соолук маселелери боюнча гана иш алып барбастан жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен ден соолук детерминанттарына байланышкан маселелерди чечүүгө  активдүү катышууда

Үчүнчүдөн – АДК коомдук түркүктүү уюм катары калыптанып Айылдык ден соолук комитеттеринин Ассоциациясы  көптөгөн долбоорлор: ЮСАИД, ЮНИСЕФ, ЮНФПА, ВЭГА, Дүйнөлүк банк, Кыргыз-фин долбоору,  ДСУ, GIZ, Ага Хан фонду менен ооруларды алдын алуу жана калктын ден соолугун чыңдоо боюнча иш-чараларды уюштурууда жакшы жыйынтыктарга жетишти.

Ден соолукту чыңдоо кабинеттери

 ДКЖА программасын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министирлиги тарабынан ден соолукту чыңдоо кабинеттери   атайын түзүлгөн. Ден соолукту чыңдоо кабинеттери  АДК менен саламаттыкты сактоонун ортосунда байланыштыруучу звеносу болуп саналат.

ССМнин 13.03.09 жылдагы № 15 буйругунун негизинде ҮМБнун штаттык нормативи менен ДЧКлардын камсыз болуусу 20.000 адам санына 1 ставка ( 10 айылга 1 адис).

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ДКЖА программасынын алкагында облустук, райондук Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда 136 ДЧК адиси эмгектенет.

Ден соолукту чыңдоо кабинетини адистери –  райондук үй бүлөлүк медицина борборунун структуралык бөлүмү болуп эсептелет, ооруларды алдын алууда ден соолукту чыңдоо маселелери боюнча уюштуруучу-методикалык жана кеңеш берүүчүлүк фунциясын аткаруу үчүн түзүлгөн.

 Жогорудагы буйруктун негизинде ДЧКда  жогорку, орто медициналык билими бар жана жогорку медициналык эмес билими бар адистер иштей алат.

ССМ нин 24.01.11 жылдагы  “Райондук УМБнун ден соолукту чыңдоо кабинетинин жобосун бектитүү жөнүндө” № 27 буйругу менен  ДЧК нын функционалдык милдеттери  бектитилген.

ДЧК адистеринин негизги  милдети – ден соолукту чыңдоо жана алдын алуу маселелери боюнча баштапкы медико-санитардык жардам көрсөтүү кызматкерлерине методикалык жана кеңеш берүү.

Ден соолукту чыңдоо маселери боюнча УТД/ФАП тын ишмердүүлүгүн пландоо жана координациялоо.

Калктын ден соолугу менен байланышкан маселерди чечүү үчүн мамлекеттик жан мамлекеттик эмес уюмдар менен өнөктөштүктү өөрчүтөт (сектор аралык өз ара кызматташууну өнүктүрүү)

АДК, КДК нын уюштуруу потенциалын жогорулатуу, алар менен бирге жургузулгон   программалардын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү жана окутуу максатында бекитилген айылдарга баруу.

Ай сайын АДК/ДЧК нын жолугушууларына катышуу.

Калк арасында ден соолукту чыңдоо боюнча алдын алуу программалардын натыйжалуулугуна коомчулукту активдештирүү жана тартуу .

 Ден соолукту чыңдоо кабинетинин адистери  КР саламаттыкты сактоо министирлигинин жан УМБ директорлорунун буйруктары жана көрсөтмөлөрүнүн негизинде  иш жүргүзөт.

Кыргыз республикасынын саламаттыкты сактоо министирлигинин  Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору – калктын ден соолугун чыңдоо боюнча иш чараларды уюштурууга методикалык жардам көрсөтүү менен, ден соолукту чыңдоо программаларынын сапаттуу жана  натыйжалуулуна мониторинг жүргүзөт. Саламаттыкты сактоо министирлигинин алдын алуу программаларын, ДКЖА программасын  координациялоо менен ден соолукту чыңдоо программаларын колдогон донорлордун ишмердүүлүгүн координациялайт.

Leave a Reply

Your email address will not be published.