ЖАҢЫЛЫКТАР

Кыргызстанда кургак учук боюнча алгачкы китеп жарык кѳрдү

294

«Фтизиатрия» аталышындагы кургак учук боюнча китеп Кыргызстанда алгачкы жолу   жарык кѳрдү. Бул маалымат    8-февраль күнү  аталган китепти  медициналык жана илим берүү мекемелерине  тапшыруу  аземинде   маалым  болду.  Анда  Кыргыз  Республикасынын  Саламаттык сактоо  менен  Билим берүү жана илим  министрликтеринин  адистер, медициналык окуу жайдын студенттери катышышты.  Китеп  USAID уюмунун  жардамы менен  басмадан чыккан.

Китепти  иштеп чыгуу   үч жыл  мурун   жогоруда аталган министрликтер тарабынан  демилгеленген.   Ѳлкѳдѳгү медициналык  жогорку окуу жайларында   орус тилиндеги,  Россия мамлекетинин  саламаттык сактоо системасына таянган тиркемелерди камтыган окуу китептерин пайдаланып келишет.   Андыктан, Кыргызстанда жана Борбор Азия контексти  үчүн  актуалдуу болгон маалыматтарды камтыган китепти чыгаруу максатталган.  

«Фтизиатрия» китебин  иштеп чыгууга,  кургак учук жаатындагы   адистер,  USAID уюмунун  «Кугак учукту жеңебиз» долбоорунун адистери катышышты. Негизги авторлору – Монголия  жана Борбор Азиядагы  кургак учук менен күрѳшүү боюнча эксперти, доктор – Голбогарам Цогт, Мамлекеттик  Кайрадан даярдоо жана адистикти Жогорулатуу Институтунун ректору, доктор Тѳлѳгѳн Чубаков жана Улуттук фтизиатрия  борборунун  директору  Абдулат Кадыров.   

 Авторлордун айтымында, китепте   кургак учук дартын алдын  алуу  жана  дарылоо  боюнча маалыматтар, изилдѳѳлѳр камтылган.  

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.