КР Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматтары боюнча 2023-жылы калк арасында өнөкөт В гепатитинин жайылуусу 3,3%, ал эми С гепатити — 2,3%ды түздү.
2023-жылдан баштап 2025-жылдын октябрь айына чейин 1,6 млн ашуун адам акысыз тестирлөөдөн өттү. ВВГ менен жабыркаган 4 918 бейтап, ВВГ жана D гепатити менен – 2 473, С гепатити менен – 6 141 дарыланып жатышат.
Жугуу жолдору жана тобокелчилик топтору
В жана С вирустук гепатиттери булганган кан жана биологиялык суюктуктар менен байланышта болгон учурда жугат.
Негизги жугуу жолдору:
• стерилденбеген аспаптарды колдонуу менен медициналык жана медициналык эмес инвазиялык процедураларды: инъекция, инфузия, стоматологиялык жана хирургиялык кийлигишүүлөр, тату/пирсинг, маникюр/педикюр, косметология, хижама (кан алуу), акупунктура жүргүзүү;
• корголбогон жыныстык байланыштар;
• энеден балага төрөт учурунда (өзгөчө ВВГ үчүн).
Кыргыз Республикасынын ар бир жараны жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк медицина борборунда (ҮМБ) жана жалпы дарыгерлердин тажрыйбалык борборлорунда (ЖДПБ) В жана С вирустук гепатиттерине акысыз тестирлөөдөн өтө алат. Изилдөө ИФА ыкмасы же экспресс-тесттин жардамы менен жүргүзүлөт.
Натыйжа оң болгон учурда бейтап жашаган жери боюнча дарыгерге текшерүүнү тастыктоо жана каттоого алуу үчүн жөнөтүлөт. Үзгүлтүксүз тестирлөөдөн өтүү боордун циррозу жана рактын өнүгүүсүн алдын алуу менен ооруну өз учурунда аныктоого жана дарылоого жардам берет.
В гепатитине каршы эмдөө — бүт үй-бүлө үчүн ишенимдүү коргоо.
Ушул программанын алкагында 24-65 жаштагы чоң адамдар жана мурда эмдөө албагандардын бардыгы акысыз эмделе алышат. Вакцина 0–1–6 ай схемасы боюнча үч доза менен жасалат жана узакка коргоону камсыз кылат.
Эмдөө – В гепатитин жуктуруп алуунун алдын алуунун жалгыз натыйжалуу жолу. Ал коопсуз, натыйжалуу жана жеткиликтүү. Акысыз эмдөө бардык ҮМБ жана ЖДПБларда 24-65 жаштагы чоң адамдар жана мурда эмдөө албагандардын бардыгы үчүн жүргүзүлөт. Биринчи дозаны куюунун алдында вирустун жоктугуна ынануу үчүн В гепатитине текшерүү жүргүзүлөт.
0–1–6 ай схемасы боюнча эмдөөнүн болгону үч дозасы В гепатитинен ишенимдүү коргоону камсыздайт.
Дарылоо — жеткиликтүү жана акысыз
В же С вирустук гепатиттери аныкталган бейтаптар мамлекеттин эсебинен дарыланышат. Кызматтардын тизмесине төмөнкүлөр кирет:
– дарыгерлердин консультациялары;
– лабораториялык диагностика (ИФА, ПЧР, КЖА, биохимия — дарыгердин жолдомосу боюнча бардыгы акысыз жана жеткиликтүү);
– вируска каршы препараттар менен камсыздоо (дарыгердин дайындоочу боюнча ай сайын берүү);
– терапиянын натыйжалуулугун көзөмөлдөө.
В же С вирустук гепатиттери бар экендиги тууралуу маалымат берилген бейтаптарга, жашаган жери боюнча ҮМБ жана ЖДПБга медициналык изилдөөлөрдүн бардык болгон жыйынтыктарын алып келүү менен каттоого туруу сунушталат.
Дартты аныктоо, эмдөө жана дарылоо боюнча кызматтарды көрсөтүүнү жалпы координациялоону Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана АИВди көзөмөлдөө боюнча борборлор жүзөгө ашырат.
Categories: Вирустук гепатиттер
РЕСПУБЛИКАЛЫК ДЕН СООЛУКТУ ЧЫҢДОО ЖАНА МАССАЛЫК КОММУНИКАЦИЯ БОРБОРУ
277