ЖАҢЫЛЫКТАР

Кыргызстандагы йоддолгон туздардын 38 пайызы чет элдик өндүрүүчүлөрдүкү

194

14-июнда Ош шаарында «Йодолгон туздун мониторингинин жыйынтыгы» аттуу тегерек стол өткөрүлдү. Иш чарада Республикалык ден соолукту чыӊдоо борборунун адиси Айнура Шергалиева: «Изилдөөгө катышкан жарандардын 75 пайызы йоддолгон туз тууралуу маалыматы бар. Алардын 86 пайызы мындай тузду колдонушат.  Кыргызстанда өндүрүлүп, дүкөндөрдө сатылып жаткан туздардын 10 пайызында йоддолгонун тастыктоочу белгилер жок экени аныкталды», – деди.

Талкууга тиешелүү мекемелердин, жергиликтүү кеӊештин жана туз өнүрүүчүлөрдүн өкүлдөрү катышты. Тегерек столдун жыйынтыгында Санитардык эпидемиологиялык  көзөмөл борборунун ишин жандандырып, жарандарга маалымат таратууну күчөтүп, өндүрүүчүлөргө техникалык талаптарды толук сактоо сунушталды.

Иш чара ЮНИСЕФ эл аралык уюмунун каржылоосунда Республикалык ден соолукту чыӊдоо борборунун колдоосунда өткөрүлдү.

Кошумчалай кетсек, 12-июнда Бишкек шаарында Талас,Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарында жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча талкуу өткөрүлгөн.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.