ЖАҢЫЛЫКТАР

Кыргызстандык окумуштуу Россия илимдер академиясынын чет өлкөлүк мүчөсү болуп шайланды

286

Россия илимдер академиясынын (РИА) Жалпы жыйынында (28-30-май, 2025-ж.) жаңы академиктерди, мүчө-корреспонденттерди, чет өлкөлүк мүчөлөрдү шайлоо болуп өттү. Талапкерлер бир нече айдын ичинде: алгач – секциялардын жана бөлүмдөрдүн жалпы чогулуштарынын деңгээлинде кылдаттык менен каралган. Чет өлкөлүк мүчөлөрдүн ичинен 39 окумуштуу: алыскы чет өлкөлөрдөн (Кытай, Венгрия, Италия, АКШ) жана Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги өлкөлөлөрүнөн (Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан) ийгиликтүү тандалды. Бул тандоолор илимдин өнүгүүсүндөгү жана Академиянын артыкчылыктарындагы актуалдуу тренддерди – эл аралык позицияларды чыңдоо, жаш окумуштууларды колдоо жана негизги тармактарда илимий мектептерди күчтөндүрүүнү чагылдырат.

Кыргызстандан барган окумуштуу – Омор Касымов Россия илимдер академиясынын Медициналык илимдер бөлүмүнүн курамына шайланды. Бул кыргыз адисинин дүйнөлүк илимге кошкон салымын олуттуу таануу. Ал Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, КРнын Илимге эмгек сиңирген ишмери болуп саналат. Кемин районундагы Ак-Түз шаар тибиндеги кыштактын орто мектебин жана Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун (КММИ) – 1978-жылы аяктаган.  Анын илимий жана кесиптик карьерасынын башталышы: Кыргыз ССРнын Илимдер Академиясынын Бийик тоодогу физиология жана эксперименталдык патология ИИИ (1978-ж), КММИ (1979-2000-ж.), башкы лаборант, жалпы гигиена кафедрасынын ассистенти, илимий-изилдөө секторунун (ИИС) начальниги, КММИ профкомунун төрагасы, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) окуу-тарбия иштери боюнча проректору.

Касымов О.Т КР ССМнын «Профилактикалык медицина» Илимий-өндүрүштүк бирикмесин, андан кийин  Коомдук саламаттык улуттук институтун (2000-2023-ж.)  жетектеген – илимдин жана саламаттык сактоонун уюштуруучусу.  Ал  36 илим докторлорун жана кандидаттарын даярдаган, ата-мекендик, жакынкы жана алыскы чет өлкөлүк басылмаларга 290дон ашуун илимий эмгектери жарыяланган, РФнын ойлоп табуулар үчүн патентине ээ.

Ар кайсы жылдарда (1997-2023-ж.)  КММАга караштуу диссертациялык кеңештин, РКнын гигиена жана эпидемиология УБсынын мамлекеттер аралык атайын кеңешинин төрагасынын орун басары, ошондой эле ДСнын «гигиена», «эпидемиология», «инфекциялык оорулар» адистиктери боюнча төрагасы болуп иштеген. «Кыргызстандын саламаттык сактоосу» журналынын башкы редактору (2016-2023-ж.) жана КР, РФ, РК жана РИНЦ,  RSCI, Scopus индексацияланган илимий журналдардын, ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк глобалдуу ден соолук Ассоциациясынын (Global Health Council) редакциялык кеңештеринин мүчөсү болуп саналат.

Учурда И.К. Ахунбаев ат., Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын илим изилдөө менеджменти кафедрасынын профессору. Өлкөнүн профилактикалык медицина тармагындагы илимий-тажрыйбалык потенциалынын өнүгүүсүнө дайыма көңүл бурат: атап айтканда, курчап турган чөйрөнүн медицинасы, инфекциялык (инфектология) жана инфекциялык эмес эпидемиология, ошондой эле эмгек медицинасынын жана коомдук саламаттык сактоо ж.б. көйгөйлөргө.

О.Т. Касымовдун  Россия илимдер академиясынын (РИА) чет өлкөлүк мүчөлүгүнө шайлоо анын дүйнөлүк жана ата-мекендик илимди өнүктүрүүдөгү илимий-тажрыйбалык жетишкендиктерин таануу болуп саналат.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.