ЖАҢЫЛЫКТАР

Кыргызстандын 1146 мектеби мектеп окуучуларын ысык тамактандыруу долбооруна кошулган

124

       6-февраль күнү   Бишкек шаарындагы «Хаят» отелинде   2017-2021-жылдарга карата мектеп окуучуларынын  тамактануусу боюнча   долбоор тартууланды.  Америка Кошмо Штаттарынын  айыл-чарба департаменти тарабынан каржыланган  долбоорду өлкөдө «Мерсико»  эл аралык  уюму, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо  менен Билим жана илим  министрликтеринин  жардамы менен ишке ашырып келет.

        Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук    саламаттык сактоо  бөлүмүнүн  жетекчиси  Бактыгуль  Исмаилова  долбоор  тууралуу  мындай деди: «Бул программа  2012-жылдан бери иштеп келет.  Биз билгендей,   тамак-аш аркылуу  берилүүчү витаминдердин  жетишсиздигинен жаш балдар ар кандай ооруга чалдыгуусу  мүмкүн. Андыктан, мектеп жашынан баштап   витаминдүү тамак-аш менен камсыз кылуу  зарыл. Мына ушул багытта  иштеп жаткан программа  менен  келечекте  жаш балдардын ар кандай оорудан  коргоонун  алдын алуусу десек жаңылыйшпайбыз» .

      Ал эми, Билим жана илим министрлигинин   башкы  адиси Назгул Мусаеванын айтуусунда,   балдардын тамактануусун жакшыртуу максатында иштеп келе  жаткан долбоорго,  учурда Кыргызстан боюнча 1146 мектеп кирген. Демек, бул мектептерде  1-класстан 4-класска чейин балдарга  тамак берилип жатат дегенди билдирет.   Адис  долбоордун  негизги факторлору катары: балдардын окууга катышуусу жана  жетишүүсү жакшырганын,  ашпозчу кадрлардын көбөйгөнүн,   тоолуу аймактарда мектеп алдында чарбалардын пайда болгонун жана негизгиси балдардын тамактануусу жакшырганын айтты. 

    Маалыматка ылайык,  Өкмөттөн бөлүнгөн   Республикадагы мектептер аралык  ысык тамактандыруунун орточо баасы  күнүнө 7 сом болсо,  тоолуу   аймактарда  10 сомго, Бишкек 14 сомго жетет. 

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.