ЖАҢЫЛЫКТАР

Кытай Эл Республикасынан медициналык кызматкерлердин тобу келди

302

Бүгүн Кыргыз Республикасына Кытай Эл Республикасынан медициналык кызматкерлердин тобу келди.

Кытай медиктери жергиликтүү адистерге коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүп, топтолгон тажрыйбасы менен бөлүшөт. Мындан тышкары, алар дарыгерлерге оорулууларды дарылоодогу мыкты ыкмаларын үйрөтүшөт.

Белгилесек, биздин өлкөгө Кытайдан медициналык эксперттерди жөнөтүү тууралуу макулдашууга 2020-жылдын 14-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинь менен телефондук сүйлөшүүсүнүн жүрүшүндө жетишилген.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.