ЖАҢЫЛЫКТАР

Маалымат: Балдардын толук балуу тамактанууга болгон укуктары

277

Балдардын толук балуу тамактанууга болгон укуктары жана зыяндуу тамак-аш продукцияларынын маркетингин чектөө


Балдардын толуп кетишине эпидемиологиялык көзөмөлдөө изилдөөлөрү (COSI Кыргызстан 2017/2018) жана балдарга арналган тамак-аш азыктарынын жана суусундуктарынын маркетингине жасалган мониторинг боюнча, балдар арасындагы ашыкча салмактын жайылуусу 9,7%, семирүү – 2,6% жана салмактын аздыгы – 3,1%ды түзөт. Кыргыз Республикасынын 85%дан көп телекөрсөтүү каналдарында балдарга арналган зыяндуу тамак-аш азыктары жарнамаланат. Ошол эле учурда балдар арасында жарнама кылууга уруксат берилбеген ар бир бешинчи жарнамада түрткү берүүчү мотивация катары “ден соолук” сөзү колдонулат, бул сөзсүз түрдө керектөөчүнүн адашуусуна алып келет.
Республикада туз, кант, трансмайларды пайдалануу дүйнө жүзүндөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналып, сунушталган нормадан 2,5 эседен ашат.
Организмге туз, кант, трансмайлардын ашыкча келиши ашыкча дене салмагына, семирүүгө, 2-типтеги кант диабетине жана башка ооруларга алып келет. Эксперттердин пикиринде витаминдерди жана микроэлементтерди жетишерлик колдонбогон балдарда иммунитеттин төмөндөөсү байкалат жана алар ар кандай ооруларга туруштук бере алышпайт.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги балдар арасындагы туура эмес тамактанууга байланыштуу оорулардын жайылуусуна жана балдар үчүн зыяндуу тамак-аш азыктарынын маркетингин чектөөчү чаралардын жоктугуна тынчсызданат.

Буга байланыштуу калктын ден соолук үчүн пайдалуу тамак-аш азыктарын пайдалануусуна түрткү берүү үчүн шарттарды түзүү, балдарга зыяндуу тамак-аш азыктарын сатууга тыюу салуу, ошондой эле зыяндуу тамак-аштардын агрессивдүү маркетингин чектөө максатында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам чыгаруу актыларына (Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндөгү” мыйзамы, Кыргыз Республикасынын “Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамак-ашын уюштуруу жөнүндөгү” мыйзамы) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору даярдалды.

Leave a Reply

Your email address will not be published.