Кант диабети

Масштабдык акция, пилоттук аймактык жерлерде кант диабетин алдын алууда

242

30.11.2022 Mare

2022-жылдын 29-ноябрда Бишкекте кант диабетинин долбоору боюнча “ Кыргызстандагы “жугушту эмес оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча медицина жардамынын биринчи этабын жакшыртуу”, 2022-жылдын аткарылган иштин акыркы жыйынтыгы болуп өттү. Эл аралык чет өлкөлүк эксперттер бул ооруларды алдын алуу советине катышты. Чүй облусунун жетекчиси алдыңкы 2023-жылдын пилоттук тартипте ишти жакшыртуунун пландары менен бөлүштү. Жүрөк кан-тамырлары, диабет оорулары калкктын экономикалык олутту жоготууларына алып келет. Баштапкы 2015-жылдын баасына таянсак, төрт негизги жугушту эмес ооруларга 3,7 миллиард доллар коротулган. Бул сандардын аркасында көптөгөн көйгөйлөр турат алар өлүм, көз көрбөө, инвалиддик, ампутация, бөйрөктүн  жетишсиздиги турат.

2021-жылдын ноябрь айында КРнын Саламаттыкты сактоо Министрлиги Бүткүл дүйнөлүк ден соолукту коргоо жана Бүткүл дүйнөлүк диабетика федерациясы менен келишим түзүлүп, документке кол коюлган. Атайын жумушчу тайпа жана координациялык комитет түзүлгөн. Проект 3-марттын 2021-жылынан баштап өз ишин баштаган. Аталган проектке кант диабети бар бейтаптарга  негизги көңүл бөлүнгөн.

Эндокринология борбору, профессорлор, клиницистер эл аралык эксперттер менен биргеликте 2 күн скрининг жана диабетикалык ретинопатия боюнча пландын түзүлүшүн иштеп чыгышкан.

Бүткүл дүйнөлүк ден соолукту коргоо уюмунун аймактык медицина адиси Джилл Льюис Фаррингтон күтүлгөн натыйжаларды берди. Бүткүл дүйнөлүк ден соолукту коргоо Кызматташуу борборунун профессору Тийна Лаатикайнен(Финляндия) мүмкүн болгон инструменттерди көрсөттү.

Кыргызстанда БДСУнун колдоосу менен кант диабетти боюнча текшерүү анализдери жүргүзүлгөн, анын жыйынтыгы көптөгөн системалуу көйгөйлөрдү чыгарган, жана мунун баары азыр, чечилип жатат. Ден соолукту коргоонун негизги ооруларына биргеликте күч жумшоо оорулардын алдын алуусуна абдан маанилүү.

Пилоттук режимдеги райондордогу медицина кызматкерлерине тренингтер (6 тренингдер өткөрүлгөн, 70 даарыгер окутулган жана 119 медайымдар Токмокто, Аламедин районунда) өткөрүлдүү:

– Ден соолукту чыңдоо жана айылдык ден соолукту чыңдоо пункттарынын кызматкерлери окутулду, калк менен сектор аралдык жолугушуулар уюштурулду

– Пилоттук аймактык жерлерде кант диабетинин алдын алууга Масштабдык акция уюштурулган

– Чүй диабетикалык жамаат түзүлдү

– Жабык акционердик коомдун колдоосу менен калкка кыргыз орус тилинде материалдар даярдалып Токмок шаарында, Аламедин районунда жана Чүй облустарында 43000 СМС кат жөнөтүлгөн.

Leave a Reply

Your email address will not be published.