COVID 19

Медицина кызматкерлеринин ишин жакшыртуу максатында тренинг өтүлдү

580

05.12.2022 Mare

Бишкек шаарынын РДЧжМКБда медицина адистерине атайын тренинг өтүлдү.

Тренингге ДЧК(ден соолукту чыңдоо кабинети) Баткен облустунан сырткары республиканын баардык облустарынан келип катышышты.

Медицина кызматкерлери эмдөөгө коомдук ишенимге колдоо көрсөтүүдө анын ичинде бейтаптардын көйгөйлөрүн чечүүдө негизги ролду ойнойт. Алар эмдөөнүн коопсуздук маселелери боюнча мамиле түзүүнүн алдыңкы ыкмаларына жакшылап үйрөтүлүүгө жана алар менен тааныш болууга тийиш, анын ичинде башкарылууучу инфекциялардын конкреттүү жана олутту тобокелчиликтери; эмдегенден кийинки кыйыр көрүнүштөргө жардам көрсөтүү.

Тренингдин максаты медицина кызматкерлеринин ишин жакшыртуу, бейтаптарга туура жол табуу, дагы да бейтаптардын кызыкчылыктарын көздөп, дени-сак жашоого көпүрө болуу.

Окутуунун алкагында; вакциналарга ишеним жана иммундаштыруу процессиндеги медицина кызматкерлеринин ролу, тобокелчиликтер тууралуу маалымат берүү жана чечимдерди кабыл алуу процессине катышуу толук түрдө жардам берүү.

Вакцина деген эмне?

COVID-19га каршы вакциналар оорудан коргойт, анткени SARS-
Cov-2 вирусуна иммундук жоопту калыптандырууга түрткү берет.
Эмдөөнүн жардамы менен ээ болгон иммунитеттин болушу, оорунун өнүгүү тобокелчилигин жана анын кесепеттерин азайтат. Бул кабылданган имуннитет оору жуктуруп алган учурда организмге вирус менен күрөшүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Микробдор биздин жаныбызда, курчап турган чөйрөдө дагы, ошондой
эле биздин организмде дагы бар. Туруштук бере албаган адам зыяндуу
микроорганизмге бет келишкен учурда, бул ооруга чалдыгууга жана өлүмнө алып келиши мумкун.

Адамдын организминде » патогендерден (оору пайда
кылуучу микроорганизмдерден) коргонуунун көптөгөн ыкмалары бар. Тери, былжырлуу суюктук жана кирпикчелер (өпкөңдөгү бөтөн бөлүкчөлөрдү алып салуучу: микроскопиялык тукчөлөр) биринчи кезекте патогендердин организмге кирип кетүүсүне бөгөт коюучу физикалык тосмолордун ролун аткарат.

Categories: COVID 19

Leave a Reply

Your email address will not be published.