ДЕН СООЛУК

Мырзалар эмне тууралуу үндөбөйт?

258

Эркек саламаттыгын сактоо дайыма актуалдуу, ал эркек жана аялдын ортосундагы мамилелер, дени сак балдардын төрөлүшү, бекем никенин негизи болуп саналат.
Көпчүлүк эркектер өз ден соолугуна көз салуу керектиги тууралуу жыныс системасынын ооруларынын симптомдору пайда болгонго чейин ойлонушпайт.
Эркектердин эң эле кеңири таралган оорусу – простатит.

Простатит – эркектин жыныс безинин сезгениши. Ар кандай маалыматтарга караганда 25 жаштан жогорку курактагы эркектердин 20 дан 80%га чейинкилери простатиттен жапа чегишет. Акыркы мезгилдерде оорунун көбөйүшү байкалууда.
Простатиттин келип чыгуу себептери заара жыныс системасындагы ооруп айыккан оорулар, инфекциянын кан аркылуу киришинин жыйынтыгында бактериялар, вирустар, микоплазмозалар ж.б. сыяктуу микроорганизмдер тарабынан пайда болгон организмдин сезгенген оорулары.
Узак убакытка чейин жыныстык мамиледен кармануу, токтотулган жыныстык катнаш, жыныстык жашоонун сейректиги, көп убакыт унаа айдоонун жыйынтыгында келип чыгуучу кичи жамбаш чарасындагы токтоп калган процесстердин болушу эркектин жыныс безиндеги сезгенүүнүн өөрчүшүнө алып келүүчү факторлор болуп саналат.

Заара-тукум системасынын ооруларынын өөрчүү тобокелчилиги төмөндөгүлөрдүн эсебинен көбөйөт:

• үшүп калуу;
• жыныс мүчөсүнүн жаракаты;
• заара жолдорунун таш оорулары: таш же кум заара чыгаруу жолдору аркылуу өтүп бара жатканда анын капталдарын жаралантат;
• жыныс өнөктөштөрүнүн көп болушу;
• диетадагы катачылыктар: ачуу, кычкыл, туздуу, маринаддалган тамак-аш ж.б. көп өлчөмдө пайдалануу;
• ичимдик ичүү;
• сууну жетишсиз колдонуу;
• заара ушатуу режиминин үзгүлтүккө учурашы. Эгерде тыныгуу бир канча саатты түзсө, анда оорунун өнүгүү тобокелчилиги жогорулайт;
• өнөкөт сезгенген оорулар;
• аз кыймылдоо же көбүнчө отуруп иштөө.

Оору кандайча пайда болот?

Көбүнчө оору симптомдорсуз же клиникалык көрүнүшү жок өтөт.
Алгач ооруткан, кыйынчылык менен чыккан заара ушатуу байкалат, табарсыкты бошотууга улам-улам каалоо айрыкча түнкүсүн келип чыгат. Андан кийин алаада, чаткаякта, арткы тешик тарапта, заңдоо учурунда оорутуу пайда болот. Оорутуу куймулчакка, жыныс мүчөсүнө, жумурткалыктарга өтүшү мүмкүн. Сексуалдык функция бузулат, уруктуктун түшүүсүндө көйгөйлөр келип чыгат (консистенциясы жана саны өзгөрөт).
Адатта эркектер өздөрүнүн көйгөйлөрү тууралуу айтуудан уялышат жана дарыгерге күчөп кеткен баскычтарында гана кайрылышат. Эгерде дарылоо жүргүзүлбөсө же эркек өз алдынча дарылоо менен алектенсе, анда абал начарлайт.

Убакыттын өтүшү менен аягына чейин дарыланбаган же күчөп кеткен простатит бүтүндөй бир катар татаалдашууларды пайда кылышы мүмкүн, алардын айрымдары абдан олуттуу.
Простатиттердин көп кездешкен татаалдашуулары урук ыйлаакчаларынын, жумурткалыктардын жана алардын коштондуларынын сезгенүүсү, урук чыктагыч бездин склерозу болуп саналат, алар тукумсуздукка алып келиши ыктымал.

Простатиттин алдын алуу

Адамдын жашоо мүнөзү простатиттин өнүгүү тобокелчилигине орчундуу деңгээлде таасирин тийгизүүгө жөндөмдүү.
Кыймылдуу жашоо мүнөзүн алып жүрүү зарыл: жөнөкөй дене тарбия көнүгүүлөрүн аткаруу, чуркоо, жөө басуу. Велосипед тебүү, отуруп-туруу, ийилүү, сууда сүзүү көнүгүү катары абдан жакшы.
Ошондой эле үшүп калуудан сактануу керек: аба ырайына жараша кийинүү (өзгөчө жылдын суук мезгилинде).
Көп убакытты отуруп өткөрбөөгө аракеттенүү зарыл, тез-тезден тыныгууларды жасоо, ал арада көнүгүүлөр менен алектенүү же жөн гана ары-бери басуу.
Туруктуу өнөктөш менен тартипке салынган үзгүлтүксүз жыныстык жашоодо жашоо керек. Ич катканда жумшартуучу каражаттарды колдонуу зарыл.

Эркек саламаттыгынын бузулуулары өнөкөт болуп калбоосу үчүн алдын алуу же өз убагында дарылоо маанилүү.

Эркектер өзүнүн репродуктивдик ден соолугун сактоо үчүн урологго же үй-бүлөлүк дарыгерге жылына 1 жолудан кем эмес кайрылып туруулары керек.

Туура тамактануу, үзгүлтүксүз физикалык кыймыл-аракет жана сексуалдык активдүүлүк эркек саламаттыгын колдоого жана активдүү жашоону узартууга өбөлгө түзөт.

Leave a Reply

Your email address will not be published.