ЖАҢЫЛЫКТАР

Ѳнѳктѳштѳргѳ ыраазычылык!

414

КР  Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыӊдоо борбору  ЮНИСЕФтин долбооруна жана Япония мамлекетинин Ѳкмѳтүнѳ чоӊ ыраазычылык билдирет.  Алардын жардамы менен саламаттык сактоо тармагында   ѳлкѳнүн түштүк жергесиндеги эне жана баланын ден соолугун чыӊдоого  жергиликтүү бийлик, ѳрѳѳндѳрдѳгү  саламаттык сактоо комитеттери  менен ѳнѳктѳштүк түзүлүп, иш алып барылууда. Айта кетсек, акыркы үч жылдан бери  саламаттык сактоо тармагы  ооруканларды жабдулоо, медициналык кызмат кѳрсѳтүүлѳрдүн сапатын жогорулатуу жана перосналды окутуу, инфраструктураны ѳнүктүрүү менен «Бейтаптарга канаттандыраарлык деӊгээлде кызмат кѳрсѳтүүгѳ» жетишкен.  Жүзѳгѳ ашып жаткан иштин негизги максаты – ымыркайлардын жана энелердин ѳлүмүн азайтууга багытталган. Ош облусунун Алай районунун  Алай айылынын ден соолук чыӊдоо комитетинин тѳрагасы Оорозбүбү Суранбаева: «Коопсуз кош бойлуулук» программасынын алкагында ар бир кош бойлуу айымдын  үй-бүлѳсү менен баарлашуу, керектүү маалыматтар менен  камсыз кылуу аркылуу жүргүзүлгѳн.

ЮНИСЕФтин ѳкүлү Юкие Мокоу, эне жана баланын ден соолугун сактоодо мындан ары дагы ийгиликтүү иш алып баруу Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагынын деӊгээли ѳссѳрүн кошумчалады. 

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.