Алдын алуу

Ноокат району боюнча 5 жашка чейинки балдардын пландык эмдөөсүнө 7204 каттоого алынган. Азыр пландык эмдөө 86,6%ды түздү

526

Ал эми жогорку 26 жаш, 36 жаштагылардын АДСМ вакцинасы боюнча көрсөткүчү 78%ды түзөт, бул көрсөткүчтүн төмөн болушунун себеби: эмгекке жарамдуу калк катмарыбыздын миграцияда жүрүүсү себеп болууда.

Бүгүнкү күндө жалпы райондо 11 айлык балдардын жыйынтыгы менен 129 бала эмдөөдөн баш тартышкан болсо анын 97си диний көз караш менен, ал эми 30у эмдөөгө шектенүүнүн коопсуздугу боюнча жана эки үй-бүлө башка себептерден улам баш тартышкан.
Ошого карабастан ушул жылдын март, апрель айларында эмдөөгө каршы болгон ата-энелердин үйлөрүнө барып кайрадан түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүбүздөн кийин, сегиз үй-бүлөнүн балдары толук эмдөөдөн өтүштү”-деп билдирди Ноокат районунун иммунолог дарыгери Гулнур Балтабаева.

“Вирус менен ойногон болбойт да. Азыр каршы болуп эмдөөдөн баш тартып коюп кийин кесепети тийсе, баланын ден соолугу үчүн ким жооп берет. Бул деген ден соолукка болгон чоң жоопкерчилик.
Мен өзүм, балдарым да эмдөөдөн толук өткөнбүз, кудайга шүгүр ден соолугубуз жакшы. Азыр неберелеримди да эмдөөгө убагында алып келип турам”-деп кошумчалады Ноокат районунун тургуну Мамырасул Чалабаев.

Leave a Reply

Your email address will not be published.