COVID 19

Орулуу адам менен чогу жашагандардын обочолонуу тартиби

285

Кыргызстан республиканын айрым областтарында жаңы COVID-19 коронавирусуна чалдыккан алгачкы учурларды каттай баштады. 

Биз – калгандарыбыз  эмне кылышыбыз керек? – Обочолонуу керек.

Обочолонуу (социалдык аралыкты сактоо) – бул адам үйдө калып, өтө зарыл болгон учурларда гана үйдөн чыгуучу аракет. Бул COVID-19 вирусу чыкканда киргизилүүчү өзгөчө кырдаал учурундагы эң эле натыйжалуу чаралардын бири.

Обочолонуу учурунда төмөндөгүлөрдү аткаруу зарыл:

Биринчиден, акыл-эстүүлүктү көрсөтүп, коомдун жана өзүнүн жакындарынын астындагы социалдык жоопкерчиликти моюнга алып, айланадагылар менен болгон байланыштарды чектөө.

Экинчиден, жеке гигиена эрежелерин сактоону улантуу. Колду тез-тезден 20 секунддан кем эмес самындап жууп туруу же аларды спирт камтылган антисептик менен тазалоо, муну өзгөчө коомдук жайларга (дүкөн, дарыкана, подъезд) барып келген сайын аткаруу. Ал эми жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө ооз жана мурунду кагаз кол аарчы менен жабуу же чыканактын бүгүлгөн жерине чүчкүрүү жана жөтөлүү.

Үчүнчүдөн, ар бир 1,5 саатта бөлмөнү желдетип туруу жана үйдү нымдуу тазалоонун санын көбөйтүү, эшиктин туткаларын тазалоо, ошондой эле гаджеттерди (ноутбук, смартфон, телефон ж.б.) дезинфекциялоо. Телефонду бетке тийгизбей, смартфондор үчүн кулакчындарды пайдалануу. Бирок аларды дагы 70%дык спирт менен үзгүлтүксүз сүртүп туруу зарыл.

Төртүнчүдөн, үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнүн өз алдынча бир нерсе менен алек болуусун уюштуруу керек. Үйдү толук тазалоону баштоого, үй кинотеатрын уюштурууга, үй-бүлөлүк оюндарды ойноп убакыт өткөрүүгө, сүрөт тартуу, китеп окуу, чет тилдерди үйрөнүү жана башкалар менен алектенүүгө болот. Бул ашыкча кооптонууну азайтууга жана өзгөчө кырдаалдар учурунда бири-бириңерди колдоого жардам берет.  

Бешинчиден, өзүңөрдүн функционалдык милдеттериңердин тынымсыз аткарылышын камсыздоо менен жумушту аралыктан аткарууну уюштуруу, аралыктан иштөө жана окууга өтүү.

Үйдөн чыккан учурда:Үйгө кайтып келгенден кийин:
– көчөгө жеңдери узун кийим кийип чыккыла;

– жаныңарга кагаз кол аарчыларды салып жүргүлө, аларды эшиктерди ачканда, лифттердин баскычтарын баскан учурда ж.б. пайдалангыла;

– колдонулган кол аарчыларды таштанды челекке таштагыла;

– акчаны азыраак кармаганга аракеттенгиле, купюраларды пайдалангандан кийин колуңарды тазалагыла;

– колуңарды тазалабастан бетти, мурунду, көздү кармалабагыла;

– беткапты коомдук жайларда (дүкөндө, унаада, дарыканада ж.б.) пайдалангыла;

– коомдук унааларга түшпөөгө аракеттенгиле;

– башка адамдар менен болжолдуу 2 метр аралыкты сактагыла. 
– колуңарды антисептик менен тазалагыла;

– бут кийимди кире беришке чечип, дезинфекциялоочу каражат менен тазалагыла;

– ачкычтарды, сумканы кире бериштеги өзүнчө кутуга салгыла жана жаныңарга салып жүргөн бардык буюмдарды тазалагыла;

– көз айнек жана телефонду 70%дык спирт менен тазалагыла;сырткы кийимди чечип 3 саатка балконго же короого илип койгула;

– колду 20 секунддан кем эмес убакыт самындап жуугула;

– душка жуунгула же дененин ачык жүргөн бардык жерлерин жууп чыккыла.


Categories: COVID 19

Leave a Reply

Your email address will not be published.