Өндүрүштүк эмес

Петарданы кантип туура колдонуу керек?

1005

28.12.2022 Mare

Салюттар, фейерверктер көп жылдар бою Жаңы жыл түнүнүн ажырагыс атрибуту болуп калды.

Бирок түстүү чырактары түнкү асманды жарык кылган пиротехникалык буюмдар кооз гана эмес, коркунучтуу да болушу мүмкүн экенин эстен чыгарбоо керек.

Андыктан, жаңы жылдык фейерверктерди аттырганда сак болуңуз:

– Мындай азыктарды кутуларга салып алып сактоого болбойт, эч кандай учурда колуңузга фейерверк жана петардаларды кармабаңыз

– Үйдүн ичине же күйүүчү нерселердин жанына учурбаңыз

–     Балдарга чоңдордун көзөмөлүсүз аларды иштетүүгө жол бербеңиз

–     Ачуу учурунда коопсуз аралыкты сактаңыз (>5 метр)

–      Эгерде жарылуу болбосо, пиротехникага 5 мүнөттөн эрте       жакындабаңыз.

Петардаларды уруксаатсыз сатылган жерлерден алуунун ордуна, сатууга уруксат берилген дүкөндөрдөн алыңыз!

Өзүңүздөрдү сактаңыздар жана жоопкерчиликти унутпаңыз!

Балага күйүк болгон учурда туура жардам көрсөтүүнүн жолдорун биздин сайттан окуңуз.

Leave a Reply

Your email address will not be published.