ЖАҢЫЛЫКТАР

РДЧжМК борборунун адистери КР балдарынын семирүүсүн көзөмөлдөө боюнча изилдөөлөрдү (COSI) көрсөтүштү

377

Республикалык Ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адистери Кыргызстанда балдар арасындагы семирүүнүн эпидемиологиялык көзөмөлдөө боюнча изилдөөлөрдү көрсөтүштү.

Иш-чарага Президенттин Администрациясынын, саламаттыкты сактоо министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жана башкалардын өкүлдөрү катышышты.

Белгилей кетсек, изилдөө 2015-2018-жылдары атайын программанын негизинде өткөн, ага маалымат чогултуунун төртүнчү туруна 36 өлкө катышкан. Кыргызстанда изилдөөгө 150 мектеп жана 7600гө жакын үй-бүлө катышты. Антропометриялык өлчөөлөр дээрлик 8000 6 жаштан 9 жашка чейинки балдарда жүргүзүлгөн.

Негизги жыйынтыктар

* Ашыкча салмак же семирүү Кыргызстандагы башталгыч мектеп жашындагы ар бир онунчу балада байкалат.

* Арыктыктын таралышы болжол менен 3% түзөт.

* Эркек балдар кыздарга караганда “дени сак салмак”категориясына кирет.

* Ашыкча салмактын жана семирүүнүн таралышы шаарларда айыл жерлерине салыштырмалуу жогору.

* Күн сайын балдардын болжол менен 31% жашылча – жемиш керектейт, ал эми жаңы жемиштер 18% түзөт.

* Ар бир үчүнчү бала жумасына 1-3 күн шекер камтыган алкоголсуз суусундуктарды ичет.

* Ар бир экинчи бала күнүнө кеминде 2 саат телевизор көрүүгө же электрондук шаймандарды колдонууга сарптайт.

* Мектептер жетишсиз тамактануунун кош оорчулугуна каршы күрөшүүдө маанилүү ролду ойнойт: алар мектеп окуучуларын туура тамактануу менен камсыз кылышат, туура тамактануу жана дене тарбия иштери боюнча билим берүү иштерин жүргүзүшөт, ошондой эле жалпы эле жергиликтүү жамааттар менен байланышта болушат.

* Семирүүнүн жана ашыкча салмактын алдын алуунун негизги факторлорунун бири-бул баланын жашоосунун алгачкы алты айында гана эмчек эмизүү жана кошумча азыктандыруу. Ооруканаларда эмчек эмизүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча демилгени жүзөгө ашыруу жана эмчек сүтүн алмаштыруучуларды сатуу эрежелеринин эл аралык топтомун колдонуу туура тамактанууну уюштурууга жардам берет.

БДСУ Европа регионунда семирүүнүн жана ашыкча салмактын жайылышынын өсүшүнүн фонунда баштапкы медициналык-санитардык жардам секторунда жана саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин арасында ушул шарттарды контролдоо жаатында потенциалды жогорулатуу чоң мааниге ээ болорун белгилейт.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.