ЖАҢЫЛЫКТАР

Республикалык ден соолукту чындоо борборунда семинар болду

141

11-сентябрда Саламаттыкты Сактоо Министрлигинин Республикалык ден соолукту чындоо борборунда Ден соолук чындоо кабинеттеринин адистерине сергек жашоо мүнөзүнүн ыкмаларын мектеп окуучуларына жайылтуу боюнча семинар болду.

Семинардын негизги максаты: Мектептерде балдардын жана өспүрүмдөрүн ден соолугун сактоо жана сергек жашоо мүнөзүн көндүмдөрүнө үйрөтүү.

Бүгүнкү күндө мектептер үчүн «Ден соолукту сактай билели» деген 4 модулдан турган жыйнак иштелип чыккан («Таза тиштер», «Самын менен дос бол», «Чылым чегүүбү же ден соолукпу?», «Насвай жана ден соолук – дал келишпейт”). Республика боюнча 2082 тарбия мугалими окутулуп, 2156 жыйнак китеп таркатылган.
Семинардын жыйынтыгында төмөнкү сунуштар белгиленди:
Областык жана райондук ДЧК адистери баштапкы билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилиги менен кызматташууну бекемдөө;
Баштапкы билим берүү системасынын методистери менен биримдикте ички мониторинг жүргүзүү;
Жаңы окуу жылында ден соолук сабактарын окуу жылынын планына киргизүү;
Өз аймагындагы мектептердин ар биринин китепканаларына ден соолукка байланыштуу колдонмолорду толуктоо, мектептин балансына каттатуу.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.