Алдын алуу

Склероз дүйнө жүзү боюнча 2,8 миллион адамды жабыркатуучу нейрологиялык оору болуп саналат

232

Бүткүл дүйнөлүк мээ күнү жыл сайын 22-июлда белгиленет.

Акыркы жылдарда адамдардын ден соолук маселелерине жараша саламаттыкты сактоо органдарынын белгилүү профилдеги медициналык адистери барган сайын белгилүү бир ооруга жараша адамдын орган системасынын ден соолугуна арналган күндөрдү белгилешүүдө.

Бүткүл дүйнөлүк мээ күнүн Бүткүл дүйнөлүк неврология федерациясы жалпы коомчулукка мээнин ден соолугунун маанилүүлүгү жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу үчүн негиздеген; анын негизги мааниси – нерв системабыздын иштеши жөнүндө билимди жайылтуу.

Жыл сайын Федерация бул күн үчүн жаңы тема тандайт. Мисалга:

•         2015-жылы ал эпилепсияга арналган. Ошол жылы Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ВОЗ), Эпилепсия боюнча эл аралык бюро жана эл аралык эпилепсия лигасы иш-чараларды уюштурууга катышкан.

•         Бүткүл дүйнөлүк мээ күнү 2021-жылы дүйнө жүзү боюнча бардык курактагы 2,8 миллион адамды жабыркатуучу нейрологиялык оору болгон склерозго арналган.

•         2022-жылдагы кампаниянын темасы “биздин мээбиз биздин келечегибиз” аталышында болгон.

Дүйнөлүк неврология федерациясы (World Federation of Neorology)           1957-жылы Брюсселде негизделген улуттук нейрологиялык коомдордун эл аралык бирикмеси болуп саналат. Бул федерациянын түзүлгөн күнү Бүткүл дүйнөлүк мээнин күнүн майрамдоо күнү катары тандалган. Азыркы учурда, WFN мүчөлөрү дүйнөнүн бардык аймактарында невропатологдордун жүздөн ашык кесиптик бирикмелери болуп саналат.

Акыркы жылдарда мээни изилдөөдө олуттуу жылыштар болду, анын иши жөнүндө саналып өткөн мифтер жана башка уламыштар жокко чыгарылды бирок дагы эле мээнин иштешинин көптөгөн аспектилери илимпоздор үчүн табышмак бойдон калууда. Ошондуктан, мээнин ден соолугуна байланыштуу маселелерге мынчалык көңүл бурулуп жатканы таң калыштуу эмес.

Мээнин саламаттыгын сактоо боюнча дарыгерлердин жалпы сунуштары:

•         дени сак жашоо образы,

•         жаман адаттардан баш тартуу (тамеки чегүү, спирт ичимдиктерин ичүү);

•         дени сак уйку жана сапаттуу эс алуу,

•         туура тамактануу жана ашыкча таттуу тамактардан баш тартуу,

•         басуу, сыртта сейилдөө же үзгүлтүксүз физикалык көнүгүү (сууда сүзүү, чуркоо ж.б физикалык көнүгүүлөр)

•         стандарттуу эмес милдеттерди чечүү, чечүү жолдорун издөө аркылуу мээни дайыма машыктыруу,

•         жогорку интеллекттүү адамдар менен баарлашуу,

•         эске тутууну жана акыл-эс ишмердүүлүгүн жогорулатуу үчүн (китепти көп окуу, жаңы тилдерди үйрөнүү, музыкалык аспаптарда ойноону үйрөнүү, кроссворд, табышмактарды чечүү ж.б.)

Categories: Алдын алуу

Leave a Reply

Your email address will not be published.