ЖАҢЫЛЫКТАР

Өспүрүм кыздардын жана аялдардын тамактануусу боюнча улуттук изилдөө жүргүзүлөт

380

Кыргызстанда балдардын, өспүрүм кыздардын жана аялдардын тамактануусу боюнча улуттук изилдөө жүргүзүлөт
13-сентябрдан баштап Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жана өнүгүү боюнча өнөктөштөр (ЮНИСЕФ, БДАТП, ФАО, БДССУ, Мерсико, USAID “Мыкты азыктануу») демилгеси менен репродуктивдүү курактагы балдардын, өспүрүм кыздардын жана аялдардын тамактануу абалын баалоо учун улуттук комплекстүү изилдөөнү ишке ашыруу боюнча медицина кызматкерлери үчүн тренинг жүрүп жатат.

Изилдөөнүн негизги максаты -6 айдан 59 айга чейинки жана 5-9 жаштагы балдардын, 10-19 жаштагы өспүрүм кыздардын, репродуктивдүү курактагы кош бойлуу эмес аялдардын жана кош бойлуу аялдардын тамактануу абалын баалоо жана эмчек эмизүү практикасын, байытылган азыктардын керектөөсүн баалоо, аз кандуулуктун себептерин билүү максатында жүрөт. Кошумча көйгөй болуп, балдардын, өспүрүм кыздардын жана аялдардын тамактануусунун начарлатуучу факторлорлорун аныктоо болуп саналат.
Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2030-жылдарга калктын ден соолугун сактоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча «Ден соолугу чың адам – өнүккөн өлкө» жана 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программаларын ишке ашыруунун алкагында өтүүдө.
Бул изилдөө – өлкөнүн калкынын ден соолугун чыңдоого багытталган илимий, коопсуз жана керектүү кадамдардын бири.

Leave a Reply

Your email address will not be published.