ЖАҢЫЛЫКТАР

СПИД борбору ВИЧке ыкчам тест тапшыруу боюнча бир айлык жарыяланганын маалымдайт

167

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Республикалык СПИД борбору ВИЧке ыкчам тест тапшыруу боюнча бир айлык жарыяланганын маалымдайт.

Бул өнөктүк жарандарга ВИЧ/СПИД көйгөйү жөнүндө маалымат берүүгө, калк арасында ВИЧ-илдетинин жаңы учурларын алдын алууга, ошондой эле илдетти жашыруун жана акысыз түрдө аныктоонун мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Акция жүрүп жаткан мезгилде каалаган адам өзүндө ВИЧтин болуп-болбогонун шилекейден чукул арада аныктоо ыкмасын колдонуп текшере алат, ошондой эле муну үй шартында да өз алдынча жасаса болот. Ыкчам тесттин жыйынтыгы да  акысыз берилет. Акцияга катышкандар тест тапшыргандан тышкары, анын алдында да, андан кийин да дарыгерлерден консультация алып, анын жүрүшүндө кызыктырган суроолоруна жооп алса болот.

Ушундай акциялар Кыргызстандын бардык аймактарында, СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча бардык облустук борборлордо өтөт.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстанда ВИЧ менен жашаган 10 756 адам каттоодо турат, алардын арасында 10 158 адам – Кыргызстандын жарандары. Жалпысынан 2 337 адам ВИЧ-илдетинен, анын ичинен 729 киши СПИДден көз жумган.

Кошумча маалымат алуу үчүн Республикалык СПИД борборуна кайрылууңузду өтүнөбүз. Дарегибиз: Бишкек ш., Логвиненко көчөсү, 8-үй; тел. (0705) 17 01 03. Эркина Асанбаева, PR жана байланыш боюнча адис, e-mail дареги: rospid@mail.ru

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.