АИВ/ЖИКС

СПИД жана ВИЧ дарыланат

349

05.12.2022 Mare

2022-жыл Бүткүл дүйнөлук СПИДке каршы күнү “Тең уккуктар бирдей мүмкүнчүлүктөр” урааны менен өттүлүүдө.

Статистикалык маалымат боюнча жалпысынан Республикалык борбор “СПИД”тин көрсөткүчү менен ВИЧ – инфекциясынын жыныстык жол менен жугуусунун туруктуу өсүүсү Кыргызстанда(2017ж. 63% баштап 2022ж. 86,7%) жогорулаган. Ал эми 1.11.2022 жылы өлкөдө расмий ВИЧтин 12 039 учуру катталган.

Бүгүн 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күнүнө карата КРнын Саламаттык сактоо министирлигинин Республикалык “СПИД” борбору, “Сезим” кризистик борбору, ЮНЕЙДС менен биргеликте Бүткүл дүйнөлүк СПИДГЕ каршы күнүнө карата жана аялдарга, кыздарга каршы гендердик, пресс-ланч өткөрүлдү. Иш-чарага ММК журналистери, блогерлер, СПИД оорусуна чалдыккандар, “Тең уккуктар бирдей мүмкүнчүлүктөр” конкурсуна катышкандар чакырылган. Конкурстун жеңүүчүлөрүнө акчалай байгелер берилип, каалоочулар ВИЧке анализ тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө шарт түзүлдү. КР ВИЧтин 12 039 учур катталса, анын 3013 учуру өлүмгө алып келген.

“Акыркы жылдары биз жыныстык жол менен жугуунун кескин көбөйгөнүн байкадык. ВИЧ-инфекциясынын 40% кеч стадиясында, оорулунун оор иммундук жетишсиздиги пайда болгондо аныкталат жана медициналык жардам дайыма эле тез оң натыйжа бере бербейт. ВИЧКке такай жана үзгүлтүксүз текшерүүдөн өттү алдын алуунун эффективдүү жолу гана болбостон, оорунун алгачкы баскычта аныктоого жана керектүү дарылоону өз убагында жазууга да жардам бере алат”,- Республикалык СПИД борборунун директору Чокморова Умуткан Жусуповна.

Программанын алкагында гендердик үй-бүлөлүк, аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту алдын алуу темалары козголду. Ар кандай адистерден көрсөтмөлөр көрсөтүлүп, сүйлөшүү иштери жүргүзүлдү.

ВИЧтин облустук жайылышынын статистикасы боюнча;

Ош 1282

Нарын 238

Ыссык-Көл 411

Бишкек 2804

Талас 177

Джалал-Абад 1295

Баткен 286

Чүй 3100 учур катталган.

Categories: АИВ/ЖИКС

Leave a Reply

Your email address will not be published.