Быйыл жаз айы жаанчыл болууда. Синоптиктердин божомолуна ылайык, Кыргызстанда, айрыкча айылдык аймактарда, суу ташкындарынын коркунучу жогору бойдон калууда. Учурда тоолуу аймактардагы жашоочулар өткөн жылдардагы катуу жаандын жана селдин кесепетинен үйлөрдүн, жолдордун кыйрашын, эң өкүнүчтүүсү – адам өмүрүнө коркунуч жараткан учурларды эске алуу менен ар дайым алдын ала сактанып туруубуз кажет.
Дүйнөлүк статистика боюнча алып карасак кимдер коркунучта?
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (emro.who.int) маалыматына ылайык, 1990-жылдары аба ырайына байланыштуу кырсыктардан дүйнө жүзү боюнча 600 000ге жакын адам каза болгон, алардын 95%ы жакыр өлкөлөрдө жашагандар. Бул кырсыктардын ичинен суу ташкындары өзгөчө орунду ээлейт: алар күтүүсүз, кыйратуучу күчкө ээ жана физикалык гана эмес, санитардык коркунучту да жаратат.

Суу ташкындарынын кесепеттери:
1. Жаракаттар жана чөгүп кетүү. Ташкын учурунда, өзгөчө балдар жана карылар арасында, адам өмүрүнө коркунуч жогору. Суунун агымы күтүүсүз күчкө ээ болуп, баарын өзү менен ала кетиши мүмкүн.
2. Илдеттердин жайылышы. Кир суулар ар кандай жугуштуу оорулардын булагы болуп калат. Айрыкча холера, дизентерия жана суу аркылуу жугуучу башка илдеттердин жайылышына суу ташкыны бирден-бир себеп болуп калуу коркунучу бар.
3. Мүлк жана түшүмдүн кыйроосу. Айыл жергесинде үй-бүлөлөрдүн жашоосу үчүн материалдык чыгымга жана эң негизгиси айдоо жерлер, огороддорду кыйратуу менен көптөгөн каражаттардан ажыратышы мүмкүн.
Эмнеге Кыргызстан үчүн бул маанилүү?
Кыргызстанда, айрыкча тоолуу жана айылдык аймактарда, сел жана жергиликтүү суу ташкындары жыл сайын кайталанып келгендиктен кооптуу бойдон калууда. Акыркы жылдары жээктерди бекемдөө, суу өткөрүү каналдарын куруу жана дренаждык системаларды жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканы менен, жаратылыш шарты алигиче туруксуз жана алдын ала кепилдик берүүгө мүмкүн эмес экендигин эске алуу керек.
Быйылкы жылга карата алдыңкы күндөрдө жаз айы дагы жаанчыл уланаары күтүлүүдө. Ошондуктан, өзгөчө кырдаалдарга даяр болуу – жергиликтүү бийликтин да, калктын да милдети.
Эмне кылуу керек?
Кесепеттерди азайтуу үчүн алдын ала комплекстүү иш-чаралар керек:
Эрте эскертүү. Калкты өз убагында кабардар кылуу системаларын түзүү жана дайыма иштеп турушун камсыздоо. (мисалы ар жердин өз ара маалымат алышуу системаларын колдонуу)
Инфраструктура. Коргоочу дамбаларды куруу, дренаждык системаларды жакшыртуу жана дарыя жээктерин бекемдөө.
Гигиена жана санитария. Ташкын учурунда жана андан кийин калкты таза суу жана санитардык шарттар менен камсыз кылуу.
Билим берүү. Калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ташкын учурунда кандай аракет кылуу керектиги боюнча окутууларды же маалымат берүү иштерин уюштуруу.
Суу ташкыны – бул жөн гана жаратылыш кубулушу эмес. Бул алдын ала даярдыкты талап кылган чоң сыноо. Айрыкча айыл жергесинде анын кесепети өтө оор болот. Азыр – даярдык көрө турган эң туура учур.
Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР