Физ. активдүүлүк

Сууда сүзүүдө бүт булчуң системасы иштеп, организмдин келишимдүү өсүшүнө түрткү берет

485

Сууда сүзүү — спорттун массалык жана кеңири таралган түрү. Анда бүт булчуң системасы иштеп, организмдин келишимдүү өсүшүнө түрткү берет.

Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүңүз үчүн, ден соолугуңуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиңиз керек.

Сууда узак убакыт бою жүрүүгө болбойт, суук тийип калышы мүмкүн. Эгер сиз үшүк, денеңиздин калчылдаганын сезген болсонуз, дароо суудан чыгып, жээкти бойлой кыска аралыкка, бирок ылдам чуркаңыз.

Сууга түшүүнүн узактыгы абанын жана суунун температурасына, нымдуулукка жана шамалдын күчүнө көз каранды. Сууга түшүү үчүн эң жакшы шарт – ачык, шамалы жок 250С жана андан ашык температурадагы аба ырайы. Ошондой эле сууга түшүүнү 180Сден баштаса болот.

Тамактанган соң 1,5 сааттан кийин сууга түшүү сунуш кылынат. Көбүнчө балдардын пляжында болгон оң, анткени ал жер жакшы, талапка ылайык кырсыкты алдын алуучу зарыл каражаттар менен камсыз болот. Эсиңиздерде болсун, балдар чоң кишилердин көзөмөлүндө гана сууга түшө алышат.

Пляждын аймагында медициналык пункт жана күндөн калкалоочу серелер курулушу керек.

Балдардын сууга түшүү учурундагы коопсуздугунун жоопкерчилиги сууда сүзүү жана куткаруу боюнча инспекторго жүктөлөт.

Балдарды 10дон ашпаган топто 10 мүнөттөн түшүрүп, суудан чыккан соң катарга тургузуп, бирден жоктоп чыгуу күзөтчү-тарбиячынын милдети.

Сууда сүзгөндү билбеген балдарга ден соолукту чындоо лагеринин же балдар мекемелеринин жетекчилери өзүнчө машыгуу жүргүзүү керек.

Кырсыкты болтурбоо үчүн, балдарга сууда өзүн алып жүрүү эрежелерин жана оор кырдаалдарда эмне кылуу керек экендигин түшүндүрүү керек.

Эсиңиздерде болсун:

— сууга уруксат кылынган жайда гана чоңдордун көзөмөлүндө түшүү керек;

— тааныш эмес, балыры көп, алыс жерлерге чейин барууга тыюу салынат;

— кайыктын, катамарандын артынан кубалап, асылууга, жабышууга болбойт;

— күн бүркөктө же катуу шамал башталганда сууга түшүүгө болбойт;

— үйлөмө матрацтарда, жаздыкчаларда, дөңгөлөктүн камерасында сүзүүгө болбойт, ал жарылып кетсе, адам кокусунан терең жерге түшүп кетет, бул сүзгөндү жакшы билгендер үчүн да коркунучтуу;

— көпүрөлөрдөн, тосмолордон, кеме токтоочу жайлардан, кайыктан жана катерлерден сууга секирүүгө болбойт.

Эгер сиз кайыкта болсоңуз:

— кароосуз калган жана техникалык жактан он болбогон кайыктарды пайдаланбаныз;

— мас абалда кемеге түшүп сейилдебеңиз;

— сууда сүзүп бара жатып, бир кайыктан экинчи кайыкка олтурбаңыз;

— караңгы киргенден кийин сүзүүчү каражаттарды (кайык, катер, катамаран) колдонбоңуз.

Эгер сиз:

— чарчап турсаңыз;

— күн өтүп кеткен болсо;

— ачкарын болсоңуз;

— суусап турган болсоңуз;

— ооруп айыккандан кийинки, ошондой эле спирт ичимдиктерин ичкенден кийинки абалда болсоңуз сууга түшүүдөн өзүнүздү токтотуп койгонуңуз жакшы болот.

Сууга чөгө баштаганда өзүн жоготпой, акырын шашпай, тынчтыкты кармоо менен өзүн-өзү сактап калууга мүмкүн. Кескин кыймыл жасабоо керек, анткени суу оозго, өпкөгө тез толуп, буттун тарамыштары түйүлүп калат. Терең дем алып, абаны өпкөдө 30 секунддай кармоого аракет кылса натыйжалуу болот.

Кырсыктын себептери кайсылар?

Үшүп калуу, ичиркенүү

Ачык суу айлампаларында 150Стан төмөнкү температурада сууга түшүүгө тыюу салынат, анткени бул муздактан, ичиркенүүдон адам кокусунан эсин жоготуп алат жана өлүмгө дуушар кылат.

Ысык уруу

Организмди ысык уруу көп убакытка чейин суу, көл жээктеринде, кайыктын бортунда, катерде күндөн калкаланбай жүрүүнүн натыйжасында болот. Ушундан улам дененин нормалдуу температурасы бузулуп, баш тегеренүү, көңүл айнуу, куску келүү байкалып адамдын жалпы абалы начарлап, тез-тез дем алып температура +40…+41 градуска чейин көтөрүлөт. Мындай абал кээ бир убакта эсин жоготуу менен коштолот.

Жабырлануучунун кийимин женилдетип, эркин дем алуусуна шарт түзүп, бетине жана төшүнө муздак компресс коюу керек.

Сууга түшүүдөгү тарамыш түйүлүү, карышуу

Мындай абал сууда түшүп жатканда гана эмес, башка убактарда деле туура эмес, кескин кыймыл жасоолордо байкалат. Тарамыш түйүлүү, карышуу булчундарга күч келүүдө, үшүп калууда же ашыкча эмоцияга алдырганда кармайт. Эгер сууга түшүп жатканда тарамыш түйүлүү кармаса, коркпостон терен дем алып, башты сууга чумкутуп, денени бош таштап, суу үстүндө калкуу керек. Андан сон, сүзүүнүн кыймылын өзгөртүп, бутка күч келтирбей кол менен иштөө керек.

Колдун манжаларын күч менен тезинен муштум кылып кысып, колду эки тарапка кескин кыймыл менен сунуп муштумду жазыныз.

Биринчи жардам көрсөтүү

Жабырлануучу суудан чыкандан кийин биринчи жардамды көрсөтүү керек.

Жабыркаган адамды жээкке жеткиргенден кийин, анын абалын баамдайбыз.

Эгер жабыркаган адам аң-сезими менен болсо, анда аны кургагыча сүртүп, жылуу имаратка киргизип, ысык чай, кофе берүү сунуш кылынат.

Эгер сууга чөккөн адам бир нече убакыттан кийин чыгарып, ошондой эле деми кысылып (асфиксия), клиникалык өлүм абалында болсо дароо дарыгерди чакыруу керек.

Убакытты жоготпостон, дарыгер келгенге чейин дароо биринчи жардам көрсөтүүгө киришүү керек. Жабырлануучуну чечиндирип, оозу — мурдундагы массаны, кумду тазалап, жаактарынын арасына таякча (жыгачтын бөлүгү же бекем оролгон бет аарчы жб.) коюп, өпкөгө жасалма дем алдыруу баштоо керек.

Leave a Reply

Your email address will not be published.