жаракат

Тайгак жолдордо кантип сактана алабыз?

151

Аба ырайынын шарттарына ыңгайлаша билүү зарыл. Кыш бизге жагымдуу жана анчалык жагымдуу болбогон жаңылыктарды алып келүү менен өзүнүн ишине киришти. Кар көздү кубандырып жатканы менен көк жылгаяк болгон жолдор дайыма шайыр жүргөн адамдарды дагы анчалык кубандырбайт.

Көк жылгаяк – бул жердин, тротуарлардын, көчөнүн унаа өтө турган бөлүгүндөгү жана дарактар, зым чубалгылары ж.б. үстүндө өтө муздап кеткен жамгыр жана туман тоңгон учурда пайда болгон тыгыз муздун катмары. Тоңуп калган муздун сырты бир канча сантиметрге чейин жетиши мүмкүн.

Статистика боюнча кыш мезгилиндеги бардык жол транспорт кырсыктарынын (ЖТК) 40%га жакыны жолдун тайгактыгы жана кардын жаашынан улам келип чыккан. Айдоочулар үчүн кыймылдын негизги шарты – сактык, ылдамдыктын төмөн болушу жана өтө кылдат болуу. Жол тайгакта жөө жүрүүчүнү эки коркунуч аңдып турат – тайгалануу жана жыгылып калуу же автоунаанын астында калуу. Суук түшкөндөн бери көчө жаракаттарынын саны өсүп жатат: денесин көгөртүп сыйрытып алуу, буту-колдун чыгып кетүүсү жана сыныктар. Дарыгерлердин маалыматтары боюнча, мындай күндөрдө жабыркагандардын саны 2 эсе көбөйөт. Жыгылуу мүмкүнчүлүгүн азайтуу үчүн жол тайгакта төмөндөгү эрежелерди сактоо зарыл:

Жол тайгакта көчөдөгү жүрүм-турум эрежелери

Көңүл буруу жана сактык – бул жол тайгакта кыйшаюсуз кармануу керек болгон жүрүм-турумдун башкы принциптери.

Тайгалак көчөдө бара жаткан учурда кескин кыймылдоодон качкыла, дайыма бутуңардын алдын карагыла; эгерде эки жакты кароо керек болуп жатса басып бара жатып кароонун кереги жок – токтоп карап алыңыз.

Басып бара жаткан учурда буттар бир аз бошоң болуп жана тизе бүгүлүп, тулку болсо бир аз алдыга эңкейиши керек. Көнгөн адат боюнча жол тайгакта колду чөнтөккө салып кармап жүрүү коркунучтуу: жыгылган учурда аларды чыгарууга жана кайсы бир нерсени кармап калууга убакыт болушу күмөн.  Улгайган адамдарга резина тагылган аса таяк алып жүрүү сунушталат.

Мүмкүн болушунча автоунаа жүрө турган бөлүктөн алысыраак басуу керек. Ошол эле учурда чатырында муздар пайда болгон имараттардын дубалдарынын жанына өтпөй эле койгон жакшы.

Жолдун автоунаа өтө турган бөлүгүн кесип өтүп бара жатканда өтө көңүл буруу зарыл. Көчөнүн аркы бетине жөө жүрүүчүлөр үчүн арналган жолдон гана өтүү керек.

Жол тайгакта тепкичтер аябагандай чоң коркунуч пайда кылат; бирок, силерге баары бир жылмакай тепкич аркылуу түшүүгө туура келсе, анда бутту тепкичти бойлото коюу керек, тең салмактуулукту жоготкон учурда мындай позиция төмөн карай абдан кылдаттык менен жылмышууга мүмкүнчүлүк берет.

Кышкы бут кийим ыңгайлуу жана тайгалак эмес болушу керек. Кургак таман жана такага лейкопластырь же изоляция тасмасын чаптап алса болот (кайчылаштырып же тепкич кылып чаптагыла). Көчөгө чыгаардын алдында бут кийимдин таманын наждак кагазы менен сүртүп алса дагы жакшы.

Эгерде жыгылуунун алдын алуу мүмкүн болбой калса…

Жол тайгакта сактык менен таманды толук жерге коюп басуу керек. Басып бара жатканда буттар бошоң, колдор эркин болушу зарыл. Эгерде сиз тайгаланып кетсеңиз жыгылуунун бийиктигин азайтуу үчүн ошол замат отура калгыла.

Эгерде силер сөзсүз кулай турганыңарды сезсеңер, хоккейчилер кылгандай отуруп бир тарапка кыйшайыңыз. Чалкасынан ыңгайсыз жыгылуу омуртканын жаракатына, ал эми алдыга сунулган колдор – ийин же билектин сынып калуусуна алып келет, ошондуктан дене мүчөлөрүңөрдү топтоого аракет кылгыла: чыканактарды капталга кысып, башты ийинге катып, булчуңдарды чыңалтат.

Эгерде жерге тийген учурда силер тоголоно алсаңар (мындай тоголонуу соккунун күчүн кыйла азайтат), анда силер болгону көк ала болосуңар же бир аз жериңер сыйрылат. Мындай аракеттер эреже катары спорт менен алектенгендерде ишке ашат – үзгүлтүксүз машыгуулар керектүү реакцияны иштеп чыгууга, шашылыш кырдаалда тең салмактуулукту сактоого жардам берет.

Жаракат алгандан кийин өзүн өзү дарылоо менен алектенүүнүн кереги жок, медициналык кызматкерге сөзсүз жана кечиктирбестен кайрылгыла. 

Categories: жаракат

Tagged as:

Leave a Reply

Your email address will not be published.