ЖАҢЫЛЫКТАР

ТАКТАЛБАГАН МААЛЫМАТТАРГА АЛДЫРБАҢЫЗДАР!!!

418

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бир катар ЖМКлар тарабынан Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму маймыл чечегинин чыгышын пандемия деп жарыялагандыгы тууралуу маалымдаганына байланыштуу төмөндөгүлөрдү билдирет.

Ушул сыяктуу маалыматтарды талдоодо, шилтеме World Health Network сайтына жасалганы аныкталган, анын мындай билдирүү жасоого мандаты жок.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 23-июнунда ДССУ маймыл чечегинин чыгуу коркунучун баалоо үчүн чукул комитет чакырган. Буга байланыштуу www.who.int  расмий сайты аркылуу ДССУнун расмий билдирүүлөрүнө, ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий билдирүүлөрүнө көз салуу зарыл.

ЖМКларды жана жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырабыз, бул жалпы психикалык-эмоционалдык маанайга терс таасирин тийгизип, ошондой эле дарыкана түйүндөрүндө жасалма толкундоону жаратышы мүмкүн.

Белгилей кетсек, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму маймыл чечегин пандемия деп жарыялоого эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.