ЖАҢЫЛЫКТАР

Тамеки чегүүдөн баш тартуунун эл аралык күнү

293

Жыл сайын ноябрдын төртүнчү бейшембисинде бир катар өлкөлөрдө Тамеки чегүүдөн баш тартуунун Эл аралык күнү (No Smoking Day) белгиленет. Ал 1977-жылы Америка онкологиялык коому (American Cancer Society) тарабынан киргизилген. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматтары боюнча дүйнө жүзүндө өпкө рагынан көз жумгандар – 90%, өнөкөт бронхиттен – 75% жана жүрөктүн ишемия оорусунан каза тапкан – 25% тамеки чегүү менен шартталган.

Ар бир он секундада планетада тамекиге өтө берилген бир адам жарык дүйнө менен кош айтышып турат (2020-жылы бул деңгээл үч секундада бир адамга чейин көбөйүшү ыктымал).

Тамеки чегүүдөн баш тартуунун Эл аралык күнүнүн максаты – тамекиден болгон көз карандылыкты азайтууга көмөктөшүү, тамеки чегүүгө каршы күрөшкө калктын бардык катмарын жана бардык адистиктеги дарыгерлерди тартуу, тамеки чегүүнүн алдын алуу жана коомчулукка тамекинин ден соолукка зыяндуу таасири тууралуу маалымат берүү. 

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.