Алдын алуу

Тоого, токойго эс алууга чыккан учурда кенелердин жабышып алуусунан сак болуңуз

702

Кене энцефалити – борбордук нерв системасын жабырката турчу курч кармоочу вирустук   оору. Бул оорунун козгогучу болуп Арбовирус эсептелет. Вирус адамга кене чагаары менен, биринчи эле минуталарда  ооруну чакыруучу шилекей аркылуу жугат.

Жыл сайын кенеден жабыркаган адамдардын саны көбөйүүдө. Мисалы 2020-жылы кене чагуудан жабыркаган адамдардын саны 556 адам түзсө, анын ичинен 1 адам вирустук кене энцефалитине, 4 адам түндүк-азиялык кене келтесине чалдыккан. Кенеден жабыркаган  313 адам (1675 мл ИГ) серопрофилактикалык   жардам  алышкан. Кене чагуу боюнча көп  катталган облустар Чуй, Ыссык-Көл, Нарын жана Бишкек шаары болуп эсептелет.

Кене  энцефалитинин эпидемиологиялык кырдаалын эске алып Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан комплекстүү-профилактикалык  иш-чаралар жүргүзүлүп турат, б.а. жыл сайын  кесиби  жагынан кене энцефалити  коркунуч алып келинген адамдарга (токойчулар, егерлер, чабандар, студенттер ж. б. жумушу боюнча же болбосо окуусу боюнча вирустук кене энцефалитинин очогуна чыккандарга) профилактикалык эмдөө жасалып жатат. 2020-жылдын ичинде  Республика боюнча 784 адамга кене энцефалитине  каршы эмдөө жасалып, 1165 даана вакцина  сарпталган.

Республикада  ВКЭ очогдору  баардык табигый климаттык зоналарында аныкталып адамга коркунуч алып келген учурлар кездешет. Эн көп опурталдуу очогдору  Чон-Кемин, Ала-Тоо жана Тескей Ала-Тоо токойлуу жерлерде  жайгашкан, ал жерде кененин 17 түрү аныкталган.

Кененин эн көп  очогу болуп Токмок, Чуй районунун Кегетей капчыгайында, Аламүдүн районунун Ала-Арча капчыгайында, Ысык-Ата районунун Альплагеринде, Ыссык-Көл облусунун Түп өрөөнүндө, Талас жана Фергана өрөөнүндө, борбордук Тянь-Шандын Нарын дарыясынын жайылмасында жайгашкан.

Вирустук кене энцефалити кайдан жугуп калуусу мүмкүн?

Вирустук кене энцефалитине баардык адамдар, кары жашына жана жынысына  карабай чалдыгат.

Мисалы:   Кесибине байланыштуу токойлордо же талааларга чыгуу менен байланышкан  адамдар көбүрөөк чалдыгуусу мүмкүн (токойчулар, егерлер, чабандар, студенттер-практикага токойлорго баргандар, туристер, мергендер ж.б.)

Шаарда жашаган адамдар ооруну токойдо эс алууда жана бакчалуу аймактардан жуктуруп алышы толук мумкун.

Оорунун алдын алуу жолдору

Биринчиден алдын алуу бул ар бир адамдын өзүнөн. Тоого, токойго эс алууга чыккан учурда кенелердин жабышып алуусунан алдын алуу үчүн мезгил-мезгили менен кийимдерди, денени текшерип карап, жабышкан кене болсо алып салуу керек. Эгер мүмкүнчүлүк болсо кенелерди качыруучу ар кандай крем, мазь, аэрозольдорду колдонсо болот.  

Токойго барган учурда чөптүн үстүнө жатпоо керек, эс алуу учурунда сөзсүз түрдө олтура турган жерге плащ, палаткаларды салып алып, токойдун ачык жеринде эс алуу зарыл. Күн кандай гана ысык болбосун бутка өтүк, жеңдери узун кийим-кече кийүү керек. Ошондой эле, багелекти байпака кымтып, моюнду жука жоолук менен ороп кийинген оң. Эс алуудан кайткан учурда адамдар өзүн жана бири-бирин кылдаттык менен карап чыгуу керек. Үйгө келгенден кийин дагы кийимдердин баарын чечип,  эс алууга кошо алып барган төшөнчүлөрдүн (дасторкон, покрывало, сумка ж.б.) баарын сыртта кагып, жайып коюу керек.

ВКЭ көп кездешкен аймактардан массалык түрдө кене кол салып аткан учурда эчкинин(сейрек кездешет), койдун жана уйдун чийки сүтүн ичүүдө абайлаш керек, анткени вирус сүттө болуп калышы толук ыктымал. Ошондуктан чийки сүт азыктарын, кайнатуудан кийин гана ичүү зарыл. Белгилей кетчү нерсе, жугуштуу болуп жалгыз чийки сүт эмес, башка дагы чийки сүттөн жазалган азыктар: быштак, каймак ж.б.

Эч убакта мал-жандыктарга жабышкан кенени кол менен алууга  мүмкүн эмес, бул өтө коркунучтуу, айрыкча колдун жарасы болсо.

Үйгө  талаадан ар кандай гүл жана башка өсүмдүктөрдү  алып кирбөө жана жаратылышка эс алып келгенден кийин сөзсүз түрдө сырткы кийимди кагып-силкип салуу талап кылынат.

Кене денени чаккан учурда кандай чара көрүү керек жана кимге кайрылуу керек?

Эгерде дененин кандайдыр бир бөлүгүндө кененин жабышып алганы байкалса, анда  тезиреек денеден алып салуу керек. Кененин баш бөлүгүн ичке, бышык жип менен тегеретип байлап, жиптин эки учун кылдаттык менен акырын тартып алуу керек. Бирок, кененин денесин башынан үзүп албоого аракет кылуу керек. Жабышкан кенелерди алган учурда эч качан аларды сыгууга, басууга болбойт. Анткени, баскан учурда вирусту организмге жуктуруп алуу мүмкүнчүлүгү чоң. Ошондуктан кенени баспай өтө кылдаттык менен тез убакыттын ичинде алып салуу керек.

 Кене чаккан жерди  70% спирт, 5% йод, одеколон менен дезинфекция жасап коюуу зарыл. Кенени алып салгандан кийин колдуу таза жуу керек

Кенени алгандан кийин аны күйгүзүп, майдалап же ыргытып жибербөө керек. Жабыркаган киши өзү менен кошо кенени алып тез аранын ичинде аймактык ооруларды алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлоруна кайрылуусу керек. Себеби, ал кененин түрүн аныктап, жабыркаган адамга андан ары вирустук кене энцефалит оорусун  алдын алуу үчүн жардам көрсөтүлөт.

Кене энцефалит оорусу менен ооруп калган адамда кандай белгилер байкалат?

Адамды кене чаккандан кийин, эгерде ошол чаккан кене вирусту алып жүргөн болсо 7 – 14 күндүн ичинде баштын катуу оорусу, дене табынын 38-390С га чейин тез көтөрүлүп кетүүсү, кусуусу менен мүнөздөлөт. Андан сырткары моюн, арка, ийин булчуңдарынын ооругандары байкалат.

Эгерде кээ бир райондордо кенелердин түрүн аныктоочу кызмат болбосо, жабыркаган адам аймактык врачына кайрылып 7 күндөн бир айга чейин көзөмөлдөнүп туруусу керек, ушул убакыт ичинде адамдын температурасы жогорулап, башы ооруп, алсырап, кускусу келсе тез аранын ичинде дарыгерге кайрылуусу зарыл. Эгерде  адамда жогоруда аталган белгилер байкалса,  тез арада медициналык жардамга кайрылбаса, жогоруда айткандай мээ жабыркап параличке алып келүүсүн эстен чыгарбоо керек.

Оорунун кесепети: сак болуңуз, өз учурунда даарыланбаса, инвалидке же  өлүмгө дуушар кылышы ыктымал.

#Кене энцефалити #кене #клещевойэнцефалит#РЦУЗиМК

Leave a Reply

Your email address will not be published.