Алдын алуу

Туура тамактануу

322

Бойго бүткөндөн баштап 2 жашка чейинки мезгил ымыркайдын төрөлүшү үчүн маанилүү убакыт болуп саналат.

🥗Сиздин витаминдерге бай азык-түлүк менен тамактанганыңыз баланын физикалык жана психикалык жактан калыптануусуна өбөлгө түзөт.

Күн сайын сиз ар кандай тамактарды жешиңиз керек, анын ичинде:
🌾 Күрүч, нан, дан жана макарон азыктары сизге энергия берип, балаңыздын туура өсүшүнө жардам берет. Алардын курамында витаминдер, минералдар жана темир бар.
Талкан сыяктуу ун азыктарын көбүрөөк пайдаланууга аракет жасаңыз.

🥑🥕 Жашылча-жемиштерде витаминдер көп. Кочкул жашыл, ачык сары жана кызгылт сары жашылчалар А витаминине бай.

🍋 Карагат, болгар калемпири, цитрустар С витаминине бай. Күнүнө 400 граммдан кем эмес жашылча-жемиш жеп туруу керек.

🥛Сүт, сүт азыктары, быштак кальцийге, белокко жана витаминдерге өтө бай. Алар сөөктөрдүн бекем болушуна жардам берет.
🥛Күнүнө бир стакан сүт, айран ичүү жана 30 грамм катуу быштак жеп туруу жетиштүү.

🥩 Эт, балык, буурчак, жумуртка, жаңгак балаңыздын организминин туура калыптанышына жардам берет.

Бир жумуртка, ¾ бир чыны төө буурчак, 60-80 грамм эт же бир аз тоок эти күнүмдүк керектөө үчүн жетиштүү.
🥤 Чайдын ордуна суу ичиңиз.
Кош бойлуулуктун бардык мезгилинде 11-15 кг салмак кошуу нормалдуу деп эсептелет.
📍Темирдин жетишсиздиги
Кош бойлуулук учурунда аялдын денесиндеги суюктуктун көлөмү көбөйөт.
Ушундан улам түйүлдүктү кычкылтек жана керектүү заттар менен камсыз кылуу үчүн зарыл болгон кандын көлөмү жана эритроциттердин өндүрүшү кескин көбөйөт.
Кан суюлуп, гемоглобиндин деңгээли төмөндөйт.

Leave a Reply

Your email address will not be published.