COVID 19

Урматтуу жарандар!

185

Кыргызстанда COVID-19 оорусуна каршы Кытай өндүрүшүндөгү Sinopharm вакцинасы менен эмдөө жүргүзүлүүдө.

Аталган вакцина коопсуздугу, эффективдүүлүгү жана сапаты боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан бекитилди. Дүйнө жүзүндө Sinopharm вакцинасы менен эмдөө 65тен ашуун, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Белоруссия жана башка өлкөлөрдө ийгиликтүү жүргүзүлүп жатат. Эмдөө республикадагы бардык үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, жарандардын катталган жерине карабастан акысыз өткөрүлүүдө.
Өзүңүздү жана жакындарыңызды коронавирус инфекциясынан сактаңыз. COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүңүз жана оорунун алдын алуу чараларын сактаңыз. Беткап тагыныңыз, адамдардын ортосунда аралыкты сактаңыз жана колду самындап жууңуз же антисептик колдонуңуз.
Эмдөө пункттары тууралуу толук маалыматты сиздер төмөнкү шилтеме аркылуу ала аласыздар:

https://saksalamat.kg/adresa-privivochnyh-punktov-ot-covid-19/

Categories: COVID 19, ЖАҢЫЛЫКТАР

Tagged as: ,

Leave a Reply

Your email address will not be published.