ЖАҢЫЛЫКТАР

Ысык-Көл областынын мобилдик клиникасында 16595 адам текшерүүдөн өттү

120

Ысык-Көл областынын мобилдик клиникасы 2019-жылдын апрель
айынан август айына чейин Ак-Суу (18 калктуу пункт), Тоң (12 калктуу пункт), Ысык-Көл (18 калктуу пункт) жана Түп райондорунун (6 калктуу пункт) калкын медициналык текшерүүдөн өткөрдү.
Август айында Кызыл-Омпол уран жер кенине жакын жайгашкан
айылдардын (Тоң районунун 5 калктуу пункту, Кочкор районунун 1 калктуу пункту, Балыкчы ш.) жашоочулары текшерилген.
Апрель айынан август айына чейин 16595 кароодон өттү, АИВге- 1350,
жыныстык жол аркылуу жугуучу инфекцияларга – 692 (сифилис менен 3 адам аныкталды), В жана С вирустук гепатиттерине – 186, (В гепатити менен 6 жана С гепатити менен 5 адам аныкталды) адам тестирлөөдөн өттү.
Андан тышкары төмөндөгү оорулар аныкталды:
● 574 адамда бөйрөк оорулары;
● 920 – боор оорусу;
● 825 – калкан безинин оорусу;
● 173 – аялдардын жыныс органдарынын оорусу;
● 323 – ашказан алдындагы бездин патологиялары;
● 131 – эркектин табарсык астындагы безинин оорулары;
● 38 – сүт безинин патологиялары.
Аныкталган оорулар – өнөкөт, негизинен УҮИде аныкталган,
бардыгына андан ары текшерүүгө жана дарылоого жолдомолор берилген.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине
караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун маалымат кызматы

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.