ЖАҢЫЛЫКТАР

Өз кан басымыңды бил!

480

29-сентябрь Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө карата өлкөбүздүн бардык аймактарында саламаттык сактоо тутумундагы ден соолукту чыңдоо кабинеттери тарабынан “Өз кан басымыңды бил!” акциясы өткөрүлүүдө.

Акциялар базар, мектеп, оорукана, айыл өкмөтүнүн кеңсеси, борбордук көчөлөр сыяктуу калк көп топтолгон жерлерде өтүп, жарандардын кан басымы текшерилүүдө. Муну менен бирге кан басымдын негизинде келип чыгуучу оорулардын алдын алуу туурасында маалымат берилип, маалымат баракчалары таркатылууда.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.