ЖАҢЫЛЫКТАР

Өзгөн районунда Райондук ден соолук комитеттеринин жолугушуусу болуп өттү

234

Ош областынын Өзгөн районунда 18-июнь күнү райондук ден соолук комитеттеринин жолугушуусу болуп өттү.
Бул жолугушууда Өзгөн району боюнча райондук ден соолук комитеттеринин жалпы мүчөлөрү  катышып, Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору тарабынан даярдалып берилген маалымат баракчалары жана калкка маалымат жеткирүү боюнча берилген тапшырмалары менен таанышып чыгышты. Муну менен катар катышуучуларга Covid-19 оорусун алдын алуу, коопсуз энелик, үй-бүлөнү пландаштыруу, зордук зомбулук жана тамекинин зыяндуулугу деген темаларда негизги маалыматтар жана айрым темалар боюнча материалдар берилди.

Жолугушуунун жүрүшүндө мындан мурдагы иш-чаралардын жыйынтыктарын талкуу кылышып, кийинки кадамдар үчүн сунуш-пикирлер ортого салынды.
Маалымат үчүн: Район боюнча райондук ден-соолук комитеттеринин мүчөлөрүнүн жалпы саны 36 болсо бул жолугушууга анын 32си катышты.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.