жаракат

Жүргүнчүлөрдү ташуу

497

Албетте ар бир жаран алган билими жана тажрыйбаларынын негизинде жүргүнчүлөрдү ташып эмгектенүүгө укуктуу, бирок жүргүнчүлөрдү ташуудагы кырсыктардын алдын алынышына айдоочунун алган билими менен тажрыйбалары кепилдик болуп бере албайт. Азыркы учурда коомчулукта жүргүнчүлөрдү ташуу менен эмгектенгендердин саны арбын болгондуктан, айдоочулардын алган билимин кайталап жаңыртып туруу үчүн ошондой эле түрдүү кырсыктардын алдын алуу максатында төмөнкү эрежелер сунушталат.

Кимдер адамдарды ташый алат?

Эң алгач адамдарды ташуу үчүн айдоочунун айдоочулук күбөлүгүндө «С» категориясынын болушу шарт, ошондой эле эң азы 3 жылдык стаж талап кылынат, эгерде 8 адамдан ашык жүргүнчүлөрдү ташууну максат кылган айдоочу болсо «С» жана «Д» категориясына ээ болушу милдеттүү. Кошумчалай кетчү нерсе, «С» категориясы бир гана адамдарды ташуу үчүн гана багытталган эмес, эгерде айдоочу 3500 килограммдан ашык салмактагы жүктү унаасында алып жүрө турган болсо дагы бул категория талап кылынат.

Айдоочулук процесс

Айдоочу унаасы толук токтогондон кийин гана жүргүнчүлөрдү отургузууга жана түшүрүүгө, ал эми кыймылды эшиктери жабылгандан кийин гана баштоого жана аны толук токтогонго чейин ачпоого тийиш.

Эгерде унаада топ балдарды ташуу уюштурулган болсо, аларды коштоп жүрүүчү чоң киши болууга тийиш, ошондой эле унаанын алдында жана артында «Балдарды ташуу» деген таануу белгиси орнотулуусу керек. Эскертүү эгерде текст түрүндө жазуу болсо ал так жана даана окула тургандай жазылышы керек, кооздоп жазуу сунушталбайт.

Ал эми техникалык жактан унаанын адамдарды отургузгандан кийинки иш жүзүндөгү массасы аны чыгарган ишкана тарабынан белгиленип берилген максималдуу чектен ашпоого тийиш.

12 жашка чейинки курактагы балдарды кандай шартта ташууга болбойт?

– мотоциклдин арткы отургучунда;
– борттук платформасы бар жүк ташуучу автомобилдин кузовунда;
– баланын боюна жана салмагына ылайыкталган атайын карматуучу түзүлүш жок болгон учурда жеңил автоунаанын алдыңкы отургучунда салып жүрүүгө болбойт.

Борттук платформасы бар автоунааларда адамдарды ташуу

Борт платформасы бар жүк ташуучу автомобилдин кузовунда адамдарды ташуу, анын негизги жоболорго ылайык жабдылуусуна карата уруксат берилет.

Жүк ташуучу автоунаанын кузовунда ташылуучу адамдардын саны андагы жабдылган отургучтардын санынан ашпоосу керек.

Ордунан жылаар алдында айдоочу кузовго отургузуунун, андан түшүрүүнүн жана жайгаштыруунун тартиби жөнүндө жүргүнчүлөргө түшүндүрмө берүүгө тийиш. Жүргүнчүлөрдү коопсуз ташуу шарттары камсыз болгондугуна ынангандан кийин гана кыймылды баштоосу керек.

Эгерде борт платформасы бар, бирок адамдарды ташуу үчүн жабдылбаган жүк ташуучу автоунаанын кузовуна жүктү коштоп жүрүү үчүн дайындалган адамдарга борттун деңгээлинен төмөн жайгашкан отурууч орун менен камсыз кылынган шартта гана уруксат берилет. Мисалы жүктөлгөн жүктүн арасында же үстүндө отурууга тыюу салынат.

Борт платформасы бар автоунаада балдарды ташуу

Борт платформасы бар жүк ташуучу автоунаа менен топ балдарды ташуу бир гана өзгөчө учурларда  гана кеминде эки чоң кишинин коштоосу менен уюштурууга уруксат берилет.

Адамдарды төмөнкүчө ташууга тыюу салынат

Автоунаанын, трактордун, өзү жүрүүчү башка унаалардын кабиналарынан тышкары жана жүк тартуучу чиркегичте, жүк ташуучу мотоциклдин кузовунда жана отуруу үчүн мотоциклде конструкция тарабынан каралгандан башка жерде адамдарды ташууга тыюу салынат.

Урматтуу айдоочулар, жогорудагы берилген эрежелерге кайдыгер карабай, техниканы адекваттуу пайдалануу менен көптөгөн кырсыктардын жана күтүлбөгөн трагедиялардын алдын алууга салым кошуңуздар!




Ар дайым ден соолугуңуздар чың, кырсыктан оолак болуңуздар!

Leave a Reply

Your email address will not be published.