Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун колдоосу астында Ден соолукту чыңдоо ассоциациясы Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгы менен биргеликте Жалал-Абад областынын Сузак, Токтогул, Аксы жана Ала-Бука райондорунда кызамыктын алдын алуу жана адаттагы иммунизация маселелери боюнча окутуучу тренингдерди өткөрдү.
Тренингдер имамдардын жана диний лидерлердин эмдөөнүн маанилүүлүгү тууралуу маалыматтуулугун жогорулатуу жана алардын калкка маалымат берүүдөгү ролун чыңдоо максатында уюштурулган.
Иш-чаралардын жүрүшүндө катышуучулар кызамык, анын татаалдашуулары жана өз учурунда иммунизация жүргүзүүнүн зарылдыгы тууралуу илимий негизделген маалымат алышты. Ошондой эле эмдөөнүн диний аспекттери жана мечитке келгендерге так маалымат жеткирүүнүн ыкмалары талкууланды.
“Имамдар жергиликтүү жамааттардын жашоосунда орчундуу роль ойнойт жана алардын колдоосу эмдөөгө карата ишенимдин деңгээлине олуттуу таасирин тийгизе алат. Бул тренингдер диний лидерлерге өз жамааттарында сергек жашоо мүнөзүнүн коштоочулары болуусуна жардам берет“, – деп уюштуруучулар белгилешет.
Окутуу интерактивдүү форматта өтүп, талкууларды, реалдуу кырдаалдарды талдоо жана тажрыйба алмашууну камтыды. Жыйынтыгында имамдар эмдөөгө камтууну жогорулатууга көмөктөшүүгө жана жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча кампанияларга колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдиришти.
Бул тренингдер Кыргызстандагы кызамыктын жайылуусу менен күрөшүү жана адаттагы иммунизацияны чыңдоого багытталган комплекстүү иш-чаралардын бир бөлүгү болуп калды.
Categories: Жугуштуу оорулар, Эмдөө